Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 220октябрындагы № 496 «Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы реcпубликалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 22-октябры № 496
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы реcпубликалык
бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин
жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы
республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко Кыргыз Республика-
сынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылга карата
экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө биргелешкен бил-
дирүүсүндө айтылган, "Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык
бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууда чечүү зарыл
болгон бюджеттик-салыктык саясат тармагындагы милдеттер негизинен атка-
рылганын көрсөткөнүн белгилейт.
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 15502,9 млн. сом көлөмдө ат-
карылып, бюджеттик арналыштар 100,5 процентке ишке ашырылган. Республи-
калык бюджеттин чыгаша бөлүгү 15984,9 млн. сом суммада же 98,4 процент-
ке аткарылган.
Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планын бюджеттин дефици-
тин жабуунун реалдуу булактарысыз көбөйтүү экономикалык классификация-
нын бардык статьялары боюнча 256,8 млн. сомго кем каржыланышына алып
келди, бул 2004-жылы жумшалган бардык чыгымдардын жалпы суммасынын 2,0
процентин түзөт.
Республикалык бюджетти аткарууда Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин Борбордук казыналыгы (мындан ары - Борбордук казыналык)
кассалык чыгымдоолор процессин жөнгө салуучу укуктук документ жок болсо
кассалык чыгымдоолорго лимит белгилөө жолу менен каржылоону чектөө ык-
масын колдонгон. Натыйжада, жергиликтүү бюджеттик мекемелердин 562,0
млн. сом кредитордук карыздары болуп турганда, жергиликтүү бюджеттердин
2005-жылдын 1-январына карата пайдаланылбаган ресурстарынын калдыгы
101,6 млн. сомду түзгөн.
2004-жылы бюджеттин ресурслук бөлүгүндө Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтү АКШнын 13,0 млн. долларына же 541,0 млн. сомго барабар 111,0
млн. кытай юань суммасындагы товарлар жана жабдуулар түрүндө Кыргыз
Республикасына берген акысыз жардам да эсепке алынган эмес.
2000-2005-жылдар мезгилинде бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизилбеген
акысыз жардамдын көлөмү 250,0 млн. кытай юанын же 1248,6 млн. сомду
(АКШнын 30,0 млн. долларын) түзгөн.
Салыктык түшүүлөрдүн курамында ички продукцияга КНС боюнча 224,2
млн. сомдук, ички продукцияга акциздер боюнча - 20,6 млн. сом, автомо-
биль жолдорун пайдалангандык үчүн салык боюнча - 3,1 млн. сом, бажылык
пошлиналар боюнча - 7,8 млн. сом бекитилген параметрлердин аткарылышы
камсыздалган эмес.
2004-жылы түшкөн салыктардын жана төлөмдөрдүн жалпы көлөмүндө ма-
териалдык ресурстар үчүн КНСтин зачеттук суммалары боюнча ашыкча төлөө
жана ашуу 25,7 процентти же 2027,3 млн. сомду түзгөн, мында ушул эле
учурда башка салыктар боюнча 1660,0 млн. сом салык алынбай калган. Бул
салык кызматы салыктык администрациялоонун объективдүү эместигинин на-
тыйжасында салык калдыктарын ашык төлөөлөрдүн эсебинен жоюу мүмкүндүгүн
пайдаланбаганын күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы № 427
токтому менен бекитилген "Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашык
төлөнгөн суммаларды бюджетте эсепке алуунун, кайтарып берүүнүн жана ор-
дун толтуруунун тартиби жөнүндө жобонун" 1.17-пунктун бузуп, Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин комиссиясынын тийиштүү уруксаты-
сыз "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коому-
нун алыш-бериш эсебине жалпысынан 21,3 млн. сом суммадагы КНС төлөп бе-
рилген.
Республиканын бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын жана экспортчу мамлекеттердин
бажылык статистика маалыматтарынын базалары боюнча аналитикалык ишти
канааттанарлык эмес дењгээлде жүргүзүп жатышат, бажылык көлөмдөрдөгү
айырмалуу фактыларды аныкташпайт, анын натыйжасында орчундуу финансылык
ресурстар бюджетке толук түшпөй калып жатат.
Бажы менен "Бишкек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын бажыкананын эмгек
акы боюнча чыгымдарын "Бишкек" ЭЭЗи мыйзамдуу тартипте каржылоосуна
байланышкан мамилеси карай кароону талап кылат, анткени бул бажылык ад-
министрациялоону "Бишкек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясынан финансылык көз
каранды кылууда.
Борбордук казыналык салыктар боюнча 114,8 млн. сом ашыкча
төлөөлөрдү жөнгө салынуучу салыктарга (пайдага салык, жеке кирешеге са-
лык, ички продукцияга акциздик салык) чегерүүгө уруксаттарды берген,
бул республикалык бюджеттен 40,2 млн. сомдун жергиликтүү бюджеттерге
алынышына алып келген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши 2004-жыл бою (Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы № 196 Жарлыгын бузуу
менен) сыйлык түрүндө плансыз эмгек акыларды төлөгөнүнө байланыштуу эм-
гек акы фонду 18284,8 мињ сомго негизсиз көбөйтүлгөн.
Каржылоонун жыл аягында орчундуу көлөмдөрдө ачылышы жана бюджеттик
мекемелердин сарптоолоруна лимиттердин белгилениши бюджеттин алдындагы
дебитордук карыздын чыгышына жана бюджеттик мекемелердин кассаларында
олуттуу суммадагы акчалардын болушуна негизги себептер болгон.
2005-жылдын 1-январына карата бюджеттик мекемелердин кассаларында 16,0
млн. сом өздөштүрүлбөгөн бюджеттик акчалар болгон.
Корголгон статьялар боюнча сарптоолорду каржылоонун артыкчылыгына
карабастан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республи-
касынын Саламаттык сактоо министрлигине "Тамактануу" жана "Медикамент-
тер" статьялары боюнча кредиттерди өз убагында ачкан эмес.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
маалыматы боюнча, 2004-жылдын биринчи жарымында дарылоо мекемелерине
"Тамактануу" статьясы боюнча кредит бекитилген жылдык сметанын 28,9
процентине жана "Медикаменттер" статьясы боюнча - 34 процентке ачылган,
бул стаьялар боюнча 2004-жылдын 9 айында ушул иретке жараша 45,5 про-
центке жана 46,9 процентке ачылган. Натыйжада ушул көрсөтүлгөн стать-
ялар боюнча "жасалма үнөм" пайда болуп, ал кийин билдирүү-маалыматтар-
дын негизинде дарылоо мекемелеринин сарптоолорун каржылоонун планынан
чыгарылган.
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө жергиликтүү жана респуб-
ликалык "Бюджеттердин ортосундагы жөнгө салуу планы менен 2004-жылы өз
ара эсептешүүлөр боюнча жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке
өткөрүлчү 239,9 млн. сом каражат каралган, анын ичинде Ош шаарынын бюд-
жетинен - 14,9 млн. сом, Ысык-Көл облусунун бюджетинен - 53,6 млн. сом,
Чүй облусунун бюджетинен - 136,4 мињ сом, Бишкек шаарыныкынан - 35,0
млн. сом каралган.
Жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке өткөрүп берилчү
каражаттар иш жүзүндө 65,5 млн. сомду гана түзгөн же 152,2 млн. сом кем
түшкөн, анын ичинде Ысык-Көл облусу боюнча - 16,9 млн. сом, Бишкек шаа-
ры боюнча - 35,0 млн. сом, Ош шаары боюнча - 700,0 мињ сом, Чүй облусу
боюнча - 99,6 млн. сом кем түшүп, мунун натыйжасында "Кыргыз Республи-
касынын 2004-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамынын 2-статьясы аткарылган эмес.
1995-1996-жылдарда жергиликтүү бюджеттер республикалык бюджеттен
алган бюджеттик ссудаларды кайра төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү
эчак өтсө да (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 212-статьясы
боюнча 3 жыл) аларды кайтаруу же кечүү маселеси эмгиче чечиле элек.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик каражаттар-
дын эсебинен кармалчу министрликтер менен ведомстволордун бюджеттерин
түзүүдө штаттык расписаниелер жана мамлекеттик кызмат орундардын норма-
тивдик структуралары Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык келишин же-
тиштүү контролдогон эмес.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин Суу чарба департаменти мамлекеттик кызматкерлерге кыз-
маттык маяна белгилөөдө эреже бузууга жол берип, бул 30 кызматкерге
231,5 мињ сом эмгек акы мыйзамсыз төлөнүшүнө алып келген.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2004-жыл бою эмгек-
тик келишимдер боюнча 138,4 мињ сом эмгек акы бюджеттик каражаттардын
эсебинен кошумча эсептелген. Мындан тышкары, 664,0 мињ сом суммада ата-
йын каражаттар чет уюмдарга жана мекемелерге демөөрчүлүк жана акысыз
жардам катары которулган, бул сарптоолрдун сметасында каралган эмес.
Бир топ министрликтер жана ведомстволор электр жана жылуулук энер-
гияларын керектөөнүн бекитилген лимитин жылдан жылга сактабай келаты-
шат. 2004-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-
нистрлигинин Жазаны аткаруу башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ко-
миссияда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик комиссияда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик архив кызматында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик
агентстводо электр энергиясын лимиттен ашык пайдаланууга жол берилген.
Жалпысынан 2004-жылы 46,3 млн. кВт саат электр энергия (жалпы ке-
ректөөнүн 16,6%) 44,4 млн. сомго үнөмсүз пайдаланылган.
"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компания" ААК (мурдагы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик комиссия) бюджеттик каражаттарды өзүнө рекредиттеген. Мында
бюджеттин кредиттик ресурстарын каржылоодогу артыкчылык негизинен алко-
голдуу продукция чыгаруучу чарбакер субъекттерге берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы № 113
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Иш-
кердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобонун II
статьясы бузулуп, проценттик ставкаларды аныктоого негиз болуучу жобо
иштелип чыккан эмес.
Мисалы, эгер жеке ишкерлер кредиттик ресурстарды жылдык 18-22 про-
цент менен алышса, алкоголь тармагындагы чарбакер субъекттер жылына 2
процент менен гана алышкан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин Иш башкармасынын фондунун алыш-бериш эсептери
жабылбастан, казыналык системасынан тышкары иштөөнү улантышууда.
Борбордук казыналык 2004-жылы Кыргыз Республикасынын "Жол фонду
жөнүндө" Мыйзамын бузуп, Жол фонду боюнча кирешелерди өзүнчө эсепке
топтогон эмес, ал эми республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге
түшкөн, Жол фондун түзүүнүн булагы болуучу салыктар башка максаттарга
пайдаланылган.
"Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана
алардын кесепеттерин жоюуга бөлүнүүчү каражаттарды чегерүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, сатылган продукциянын (жумуш-
тардын) баасынан Өзгөчө кырдаалдарды жоюу фондуна которуулардын 1,5
проценти республикалык бюджеттин атайын эсебине которулууга жана өзгөчө
кырдаалдар, авариялар жана кыйроолор болгон учурларда калыбына кел-
тирүүчү жана башка иштерди, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардынёалдын алуу
жана келтирилчү зыянды азайтуу боюнча жумуштарды каржылоого жумшалууга
тийиш. Бул эсепке түшүп, жыл ичинде пайдаланылбаган каражаттардын мак-
саттык арналышы сакталат жана башка максаттарга пайдаланылышы мүмкүн
эмес.
Бирок Финансы министрлиги 2004-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын
алууга жана жоюуга түшкөн 835,4 млн. сом суммадагы каражаттан Кыргыз
Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине 427,9
млн. сом (51,2%) гана берген. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Экология
жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жалпы суммасы 169,7 млн. сом бол-
гон 159 объектти куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландаштырылган
жумуштарды аткарууга финансылык каражат жетпей турса да, калган сумма -
407,5 млн. сомдун максаттык арналышы сакталбай, башка чыгымдарды каржы-
лоого пайдаланылган.
2004-жылы "Билим алуунун жеткиликтүүлүгү (Жеткинчек)" программасы
боюнча бюджет 30693,9 мињ сом суммада бекитилип жана каржыланган. Кас-
салык чыгымдар ушул эле суммада болгон, иш жүзүндөгү чыгымдар 27968,1
мињ сом болгон 2004-жылдын аягында кассада 2740,2 мињ сом, же каржылоо-
нун көлөмүнүн 8,9 проценти, мунун ичинде сом менен - 1016,1 мињ сом жа-
на доллар менен - 40,8 мињ АКШ доллары накта акча түрүндө калдык кал-
ган. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин 2004-жылдын 31-декабрындагы N
368-п приказын бузуп, накта акчанын жылдын аягында калган калдыгын бюд-
жетке кириштеген эмес. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин
буйругусуз 78,6 мињ сом пайдаланылып, Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин Иш башкармасынын фондуна которулган.
Финансы министрлиги бюджеттик мекемелердин эсептеринде товар-
дык-материалдык баалуулуктардын жана каражаттардын нормадан ашык запас-
тарын азайтуу боюнча тийиштүү иш жүргүзүп жатканына карабастан алардын
бюджеттик уюмдарда болуу проблемасы чечиле элек.
2004-жылдын аягына карата 36 бюджеттик мекемеде нормадан ашык 92,8
млн. сомдук запас бар экени аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекет-
тик өрт кызматы башкы башкармасы 2005-жылдын сметасы боюнча товар-
дык-материалдык баалуулуктардын 8,9 млн. сом суммадагы нормадан ашык
запасын зачеттоого тийиш.
"Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын атайын каражаттарды ка-
зыналыкты айланып өтүп пайдаланууга тыюу салган бөлүгү бузулушуна жол
берилген. Жогоруда аталган Мыйзамды бузуп 82,4 млн. сом пайдаланылган,
анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын меке-
мелери боюнча - 3,8 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим
жана жаштар саясаты министрлиги боюнча 78,6 млн. сом пайдаланылган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жа-
кынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү мекемелери 109,1 млн. сомду казыналык
системасынан тышкары пайдаланышкан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик кызматчылардын
эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Жарлыгы Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү бо-
юнча мамлекеттик фонддо аппарат жетекчисинин каралбаган кызматтык орун
бирдигин кармоо жагында бузулганы аныкталды. 100,6 мињ сом эмгек акы
мыйзамсыз эсептелген жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 25,1
мињ сом мыйзамыз которулган. Фонд казыналыкты айланып өтүп 24,2 мињ
сомду пайдаланган.
"Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы республикалык бюджетинин ат-
карылышы жөнүндө отчетту текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу" Кыргыз Рес-
публикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарында көрсөтүлгөн кемчиликтерди
жоюу жана тийиштүү финансылык тартипти камсыздоо максатында Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2004-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруудагы кемчиликтерди жоюу
боюнча ишти күчтөсүн;
- 2004-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүү
учурунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аныктаган финансылык
тартип бузуулар, ошондой эле бюджеттик каражаттарды бданка максаттарга
пайдаланууга жол берилгендик үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана
финансы министри финансылык тартип бузууга жол берген кызмат адамдары-
нын жоопкерчиликтерин карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
аныкталган тартипте сунуштарды киргизсин;
- финансылык-бюджеттик саясаттын натыйжалуулугун арттыруу макса-
тында салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча жылдык божомол
көрсөткүчтөрдү бюджет бекитилгенден кийин дароо маалымдасын. Мында бюд-
жетти ишке ашыруу процессинде божомол көрсөткүчтөрдү тактоо мыйзамга
ылайык - квартал бүтөөргө чейин 30 күндөн кечиктирбей ишке ашырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин фондунун жана Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин Иш башкармасынын фондунун коммерциялык банктардагы алыш-бериш
эсептерин жапсын жана аларды казыналык системасына которсун. Казыналык-
ты айланып өтүп пайдаланылган 3,8 млн. сомду бюджеттин пайдасына кириш-
тесин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-
теринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери финансылык
тартипти камсыздоо, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу, ве-
домствого таандык мекемелерде пландан тышкаркы сарптоолорду каржылоого
жол бербөө үчүн жооптуу кызмат адамдарын белгилешсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн матери-
алдарында белгиленген, ашыкча каржыланган каражаттардын республикалык
бюджетке кайра алынышын камсыздасын;
- төмөнкүлөрдү республикалык бюджеттин пайдасына кириштесин:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты ми-
нистрлигинин мекемелери боюнча казыналык системасын айланып өтүп пайда-
ланылган 78,6 млн. сомду;
36 бюджеттик мекеме боюнча нормадан ашык 78,6 млн. сом жана Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мамлекеттик өрт кызма-
ты башкы башкармасы боюнча 8,9 млн. сом запастарды;
бюджеттик мекемелердин кассаларында турган 16,0 млн. сом
өздөштүрүлбөгөн каражаттарды;
2001-2004-жылдардагы отчеттор боюнча жергиликтүү бюджеттерден рес-
публикалык бюджетке өткөрүп берилчү каражаттарды кириштөө боюнча анык-
талган тартипте сунуштарды киргизсин;
- "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик ко-
омунун алыш-бериш эсебине 21,3 млн. сомдун Кыргыз Республикасынын Эко-
номика жана финансы министрлигинин комиссиясы карабастан кайтарылышына
жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин карасын;
- жергиликтүү бюджеттер 1995-1996-жылдарда алышкан бюджеттик ссу-
далардын аныкталган тартипте кечилишине демилге көтөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттары өзүнчө эсепте
топтолушун камсыздасын, бул фонддун каражаттарын максаттуу гана пайда-
лансын жана толук көлөмдө каржыласын;
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын түзүүдө чет
өлкөлүк автоташуучулардан жыйымдарды алууну, бажы органдарынын товар-
ларды конфискациялоосунан түшүүлөрдү, бажы органдарынан башка
түшүүлөрдү, эсептерди тейлегендик үчүн 1,5 процент өлчөмдө жана анык-
талган контрабандадан түшүүлөрдү караштырсын;
- бюджеттик сарптоолорду тартипке салсын жана оптималдаштырсын,
алардын бирдей бөлүштүрүлүшүн жана каржыланышын, бюджеттер арасындагы
мамилелердин мындан аркы өркүндөтүлүшүн камсыздасын, республикалык бюд-
жеттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарын эсепке алуу
боюнча эсептердеги каражаттардын калдыктарын оптималдаштырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-
пекциясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясы:
- салык жана бажы мыйзамдарынын одоно бузулушуна жол берген жетек-
чилердин жеке жоопкерчиликтерин карашсын;
- салыктык жана бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жого-
рулатышсын, төлөө тартибинин абалын жакшыртышсын;
- алынбай калган калдыктарды азайтуу боюнча ишти күчөтүшсүн жана
салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөөлөрдүн суммалары бюд-
жеттен кайтарылышына контролду катуулатышсын;
- мыйзамда "ЭЭЗдердин" дирекциялары бажы органдарынын кызматкерле-
рин кармоого чыгымдарды каржылоосу жөнүндө шарттарды алып салуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макул-
дашылган сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жана республи-
калык бюджеттин орчундуу коромжу болушуна алып келген чечимдердин кабыл
алынышына тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартуу маселесин кароо үчүн
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын материалдары Кыргыз Респуб-
ликасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
7. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери
жана администрациялык ведомстволору Кыргыз Республикасынын Эсептөө па-
латасынын сунушунда белгиленген кемчиликтерди жоюшсун жана 2005-жылдын
бюджетин аткарууда аларды эске алышсын.
Жасалган иштер жөнүндө квартал сайын Кыргыз Республикасынын Эконо-
мика жана финансы министрлигине маалымат беришсин.
8. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына республикалык бюджет-
тин аудити жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна
берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган кыз-
мат адамдарына же аудиттин объектисинин кызматкерлерине карата адми-
нистрациялык санкцияларды колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүү сунуш-
талсын.
9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2004 годЗакон · 30.01.2004 · № 9
- Указ Президента КР от 1 августа 2000 года УП №196 (ДСП) " Об условиях оплаты труда государственных служащих"Указ · 01.08.2000 · № 196
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 01.06.1998 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2001 года №113 "Об утверждении Положения о Государственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по развитию…Постановление · 19.03.2001 · № 113 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Основные Направления программы "Доступ к образованию (Жеткинчек)" (Утверждены Указом Президента Кыргызской Республики от 11 февраля 1999 года УП №41)Программа · 11.02.1999 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке зачета, возврата и возмещения из бюджета сумм переплат по налогам и другим платежам. ( Утверждено постановлением Правительства КР от 9 июля 2003 года № 427)Положение · 09.07.2003 · № 427 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 июля 2003 года № 427 "Об утверждении Положения о порядке зачета, возврата и возмещения из бюджета сумм переплат по налогам и другим платежам"Постановление · 09.07.2003 · № 427 · Күчүн жоготкон
- Положение о Государственной комиссии при Правительстве Кыргызской Республики по развитию предпринимательства (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19…Положение · 19.03.2001 · № 113 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.