Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик комитеттеринин компетенциясына кирген негизги маселелер жөнүндө
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-октябры № 493
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин
жана мамлекеттик комитеттеринин компетенциясына
кирген негизги маселелер жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик коми-
теттеринин компетенциясына кирген негизги маселелер тиркемеге ылайык
аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик коми-
теттеринин компетенциясына кирген негизги маселелер Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешине бекитүүгө жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 21-октябрындагы
№ 493 токтомуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин
жана мамлекеттик комитеттеринин
компетенциясына кирген
негизги маселелер
Кыргыз Республикасынын Экономика
жана финансы министрлиги
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы
саясатын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын жана анын аймактарынын экономикалык божо-
молун жана бюджетинин киреше бөлүгүн иштеп чыгуу;
- региондук өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу про-
цессин координациялоо;
- бирдиктүү мамлекеттик макроэкономикалык, бюджеттик-финансылык,
салыктык жана бажылык саясаттарды иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти иштеп чыгуу жана атка-
руу;
- мамлекеттик финансыларды башкаруу саясатын өркүндөтүү;
- казыналык тармагын системага салуу жана модернизациялоо;
- структуралык жана институттук өзгөртүүлөрдү талдоо жана алардын
бюджеттик процесске тийгизген таасирине баа берүү;
- салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдү, бажылык жыйымдарды жана
башка милдеттүү төлөмдөрдү казыналык системасы аркылуу Кыргыз Республи-
касынын мамлекеттик бюджетине кириштөө;
- мамлекеттик финансылар системасына финансылык жана башкаруучулук
аудитти өркүндөтүү жана ишке ашыруу;
- бардык дењгээлдердеги бюджеттерди жана алардын аткарылышы
жөнүндө отчетторду түзүүнүн бирдей методологиясын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик сектордогу финансылык отчетту жана бухгалтердик
эсепти өркүндөтүү жана методологиялык жетектөө;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү инвестициялык саясатын
жүргүзүү;
- тышкы расмий жардамдын максаттуу пайдаланылышын мониторингдөө
жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-
домстволордун жана мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын эл
аралык финансылык уюмдар жана донор өлкөлөр каржылаган программаларды
жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички карыздарын башкаруу;
- донорлордун өнүктүрүүгө расмий жардамдарынын чегинде каражаттар-
ды тартуу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик бирдиктүү саясатты
өркүндөтүү жана ишке ашыруу;
- баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик ресурстарын
түзүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлиги
- өз компетенциясынын чектеринде адамдын жана жарандын, менчигинин
түрүнө карабастан чарбакер субъекттердин укуктарын жана эркиндиктерин
коргоо, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ча-
раларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- кылмыштардын жана администрациялык эреже бузуулардын алдын алуу
жана токтотуу, кылмыштарды аныктоо, тергөө жана бетин ачуу боюнча чара-
ларды уюштуруу жана ишке ашыруу;
- ички иштер органдарын жана ички аскерди аларга жүктөлгөн милдет-
терди аткаруу максатында жетектөө жана алардын иштерин өркүндөтүү боюн-
ча чараларды көрүү;
- ички иштер органдарынын жана ички аскердин иштеринин нормативдик
укуктук базасын өркүндөтүү, алардын иштеринде мыйзамдуулукту камсыздоо;
- кадрлар менен иштөөнү, алардын кесиптик даярдыктарын өркүндөтүү,
Министрликтин системасынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын
укуктук жана социалдык корголушун камсыздоо;
- ички иштер жана ички аскер органдарынын материалдык-техникалык
базасын өнүктүрүү жана чыњдоо.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
төмөнкү тармактарда бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу:
- саламаттыкты сактоо;
- санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыздоо;
- саламаттык сактоонун каржыланышы жана экономикасы;
- саламаттык сактоону кадрлык камсыздоо;
- калкты дарылык камсыздоо;
- медициналык илим жана билим берүү;
- жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу.
Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын жана негиз-
ги багыттарын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укук-
тук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү су-
нуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын Кыргыз Республикасынын
Президенти бекиткен концепциясына ылайык Кыргыз Республикасынын тышкы
саясий багытын ишке ашыруу;
- эл аралык майданда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана
аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле башка кызыкчылыктарын дипломатиялык
каражаттар менен камсыздоо;
- аткаруучу бийлик органдары менен мыйзам чыгаруу жана сот бийлик-
теринин органдарынын, алардын кызмат адамдарынын эл аралык иштерге ка-
тышуусу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын бирдиктүүлүк принциби
сакталышын жана эл аралык милдеттенмелери аткарылышын камсыздашы үчүн
өз ара байланышта иштешүүлөрүнө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграция саясаты боюнча чара-
ларды ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясаттарын
ишке ашырууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана
консулдук мамилелерин, эл аралык уюмдар менен катнаштарын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар ме-
нен мамиледеги бирдиктүү тышкы саясий линиясын ишке ашыруу максатында
аткаруу бийлигинин башка органдарынын эл аралык иштерин координациялоо;
- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жеке адамдарынын жана юри-
дикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо.
Кыргыз Республикасынын
Маданият министрлиги
- маданиятты жана искусствону өнүктүрүү жагында бирдиктүү мамле-
кеттик саясатты ишке ашыруу;
- маданиятты жана искусствону өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структу-
ралардын, коомдук жана чыгармачыл уюмдардын иштерин координациялоо жолу
менен улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн негизинде инсанды ар
тараптуу калыптандырууга жана турукташтырууга багытталган натыйжалуу
иштөөчү система түзүү;
- маданий дөөлөттөрдү келечек муундар үчүн сактоо жана өнүктүрүү;
- жарандар маданияттын жана искусствонун жетишкендиктерин пайдала-
нышы, жалпы элдин ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына
аралашуусу үчүн шарттарды түзүү;
- кыргыздын улуттук маданиятын ар тараптан өнүктүрүүгө, республи-
када жашаган элдердин улуттук маданияттары өз ара байышына көмөк
көрсөтүү;
- элдик каада-салттардын жана адептик нормалардын жањылануусун
камсыздоо;
- маданият жана искусство чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапа-
тын камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрлиги
- Кыргыз Республикасынын коргонуу тармагындагы мыйзамдык базасын
өркүндөтүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясын, ас-
кердик-коргонуу концпециясын (аскердик доктринасын), мобилизация план-
дарын, экономиканы мобилизацияга даярдоонун, аскердик түзүлүштүн жана
коргонууга даярдыктын пландарын түзүүгө катышуу;
- конституциялык милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын
куралдуу күчтөрүн түзүү, даярдоо жана пайдалануу жагындагы мамлекеттик
саясатты ишке ашыруу;
- конституциялык милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын
куралдуу күчтөрүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо;
- куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргонууга тартыл-
чу куралдуу күчтөрдү жана күчтүк структураларды оперативдүү башкаруу;
- аскердик-саясий абалга баа берүү жана болжолдоо;
- мамлекеттин аскердик маселе боюнча тышкы саясий иштерин, чет
мамлекеттердин аскердик мекемелери менен аскердик жана аскердик-техни-
калык кызматташуусун, эл аралык уюмдар менен коргонуу жана терроризмге
каршы күрөш проблемалары боюнча кызматташуусун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү аскердик-техникалык саясатын
жүргүзүүгө катышуу;
- коргонууну камсыздоо максатында узак мөөнөттүү мамлекеттик прог-
раммалардын жана жылдык иш пландардын долбоорлорун түзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен терро-
ризмге каршы күрөш, Кыргыз Республикасынын аймактык жана элдик коргону-
усун уюштуруу тармактарында өз ара байланышта иштөө;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыла-
рын, аскердик кызматтан бошонгон адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн,
өлгөн (курман болгон) аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрүн социалдык-укук-
тук коргоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик-патриоттук тарбиялоо-
го катышуу;
- коргонуу максатында аткарылчу жумуштарды өз компетенциясынын че-
гинде координациялоо, каржылоо жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик укук-
тук актыларына ылайык аскердик арналыштагы продукция, анын ичинде ку-
ралдар, аскердик техника, ок-дарылар, аскердик-техникалык жана ооруктук
мүлк менен экспорттук (сатуу), импорттук жана реэкспорттук операциялар-
ды жүргүзүү;
- аскердик арналыштагы продукцияны, жумуштарды жана кызмат
көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча иштерге укукту ли-
цензиялоо;
- мамлекеттик материалдык резервде запастарды түзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык даярдыгын
пландоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик структураларынын Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө тийиштүү баштапкы маалыматтарды
аныктоо иштерин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик кызматты
өтөөнү, аскердик кадрларды даярдоону уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ар күнкү турмуш-шар-
тын бардык тараптан камсыздоо;
- аскердик башкаруу органдарынын коргонууну уюштуруу маселелери
боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара байланышта иштешүүсүн
уюштуруу.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим
жана жаштар саясаты министрлиги
билим берүү тармагында:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын милдеттүү башталгыч, негиз-
ги, ошондой эле жалпы орто билимге, кесиптик орто, жогорку, жождон ки-
йинки жана кошумча кесиптик билим алууга конституциялык укуктарын
жөндөмдөрүнө жараша камсыздоо;
- билим берүү тармагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим
алууга жана мамлекеттин квалификациялуу кызматкерлерге муктаждыгын ка-
нааттандырууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн керектүү шарт-
тарды камсыздоочу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- билим берүүнүн улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн, илим-
дин жана жањы технологиялардын жетишкендиктеринин негизинде окутулчу
инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө жана кесиптик такшалуусуна багыт-
талган натыйжалуу иштөөчү билим берүү системасын түзүү;
- билим берүүнүн мазмуну боюнча мамлекеттик стандарттарды түзүү,
бекитүү жана ишке ашыруу;
- билим берүү мекемелерин такай өнүктүрүү;
- билим берүү тармагында эл аралык кызматташуу;
илим тармагында:
- илим чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты, концепцияларды
жана мамлекеттик программаларды түзүү жана ишке ашыруу;
- илим чөйрөсүндө мамлекеттик илимий программалардын жана долбоор-
лордун аткарылышын контролдоо;
- инновациялык саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу, иннова-
циялык ишке көмөк көрсөтүү;
- илим тармагында эл аралык кызматташуу;
- илимий-техникалык иш жүргүзүү үчүн бюджеттен тышкаркы фонддордун
түзүлүшүнө колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү;
- илимий потенциалды сактоонун механизмдерин түзүү, илимий мекеме-
лердин жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздалышы үчүн шарттар-
ды өркүндөтүү;
- илимий, техникалык жана экономикалык информациянын улуттук сис-
темасын өнүктүрүү, жалпы мамлекеттик маанидеги информациялык ресурстар-
ды калыптандыруу;
- мамлекеттик башкаруу органдарын, ишканаларды жана уюмдарды,
ошондой эле жеке адамдарды илим тармагындагы маалыматтык жана аналити-
калык информация менен камсыздоо;
- улуттук инновациялык саясатты ишке ашыруу жана инновациялык ишке
түрткү берүү;
- эл чарбасында мааниси чоњ илимий-изилдөөлөрдүн, жаратуулардын
жана жогорку майнаптуу ойлоп табуулардын инновациялык долбоорлорунун
натыйжаларын өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартуу, илимий сы-
йымдуу продукцияны жана соњку жањы технологияларды өздөштүрүү боюнча
биргелешкен өндүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- республикада жањы жана жогорку технологияларга негизделген чакан
инновациялык өндүрүштөрдүн түзүлүшүнө жана өнүктүрүлүшүнө көмөк
көрсөтүү;
жаштар саясаты тармагында:
- жаштарды ар тараптуу өнүктүрүүнүн жана өз алдынча турмушка
үйрөтүүнүн улуттук жана мамлекеттик программаларын, социалдык програм-
маларын жана долбоорлорун ишке ашыруу, социалдык-экономикалык, маданий,
демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алып жаш адамдардын укук-
тары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары корголушун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууну
информациялык-аналитикалык камсыздоо;
- жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык байланыш жүргүзүү, эл аралык
уюмдар менен кызматташтыкты координациялоо жана эл аралык катышка көмөк
көрсөтүү;
- тийиштүү уюмдар менен бирдикте мамлекеттик жаштар саясаты тарма-
гындагы иштин илимий-изилдөөчүлүк базасын өнүктүрүү жана илимий-методи-
калык камсыздоо системасын өркүндөтүү;
- жаштар уюмдарынын программаларын жана долбоорлорун финансылык
колдоо;
- жаштар үчүн ишкердик, билим берүүчү жана башка инфраструктура-
ларды өнүктүрүүгө жана жаштардын демилгелерин ишке ашырууга шарттарды
түзүү;
- жаштарды патриоттук, рухий-адептик, интеллектуалдык, чыгармачы-
лык жана дене-бой жактан тарбиялоого багытталган максаттуу программа-
ларды түзүү жана ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүнө жана жаштар арасын-
да сергек жашоо образын калыптандырууга көмөк көрсөтүү;
- жаштардын иш менен камсыздалышына жана ишке орношуусуна
көмөктөшүү, жаш үй-бүлө институтун чыњдоо;
- жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн программаларды, долбоорлорду
финансылык колдоого, ошондой эле мамлекеттик заказды аткарууга инвести-
цияларды жана гранттарды тартуу.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
- азык-түлүк коопсуздугун жана калктын негизги тамак-аш продукту-
ларына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайларын сырье менен камсыздоо;
- колдоо көрсөтүү аркылуу айыл чарба продукцияларын жана аны кайра
иштетүү продуктыларын экспорттоону көбөйтүү жана сатып-өткөрүүнү уюшту-
руу;
- өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде атаандашууга жөндөмдүү рынок-
тук башкаруу системасын түзүүнүн негизинде натыйжалуу жеке дыйкан (фер-
мердик) чарбаларды, алардын бирикмелерин агробизнестин өндүрүштүк ишка-
наларын калыптандырууга көмөктөшүү;
- жер жана агрардык реформаны андан ары терењдетүү жагында бир-
диктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, айыл чарба
продукциясын өндүрүүнү, мал чарбасын, балыкчылыкты жана өсүмдүк
өстүрүүнү, суу чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын,
өндүрүлгөн продукцияны сатып алууну жана сатууну, аны экспорттоону;
- өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясат-
ты ишке ашыруу үчүн тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды, ошондой эле
маалыматтык шаймандарды иштеп чыгуу;
- сууну изилдөө, жабдуу, керектөө боюнча мамлекеттик саясатты иш-
теп чыгуу.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлиги
- жол-транспорт комплексинин мамлекеттер аралык жана тышкы эконо-
микалык байланыштарын жана өз компетенциясынын чектеринде байланыш ме-
нен маалыматташтырууну өнүктүрүү;
- чарбалык иш-аракеттердин бардык түрлөрүн өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу
шарттарды түзүү, транспорт, байланыш жана маалыматташтыруу чөйрөлөрүндө
калкка сервистик тейлөө кызматтарынын рыногун түзүүгө көмөктөшүү;
- транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү менен үзгүлтүксүз жана
коопсуз ташууларды камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде коопсуз дењгээлде аба
кыймылын башкарууну камсыздоо;
- жалпы пайдалануудагы жолдорду оњдоо, күтүү жана өнүктүрүү үчүн
финансы ресурстарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун, суу жолдорунун тех-
никалык абалын жакшыртуу жана колдоо үчүн шарттарды түзүү, ташуулардын
үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун камсыздоо;
- автомобиль жолдор тармагын эл аралык жолдор системасына интегра-
циялоо менен магистралдарды түзүү;
- компьютердик техникаларды жана байланыш каражаттары кењири ишке
киргизүүнүн негизинде мамлекеттик маалыматтык ресурстарга жетки-
ликтүүлүктү берүү аркылуу мамлекеттик органдардын, ишканаларыдн, меке-
мелердин, уюмдардын жана жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн камсыз-
доо үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- мамлекеттик маалыматтык саясаттын жана маалыматтык технология-
лардын, маалыматтык коопсуздук саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү
жана ишке ашыруу;
- "электрондук өкмөттү" түзүү;
- электрондук, электр жана почта байланыш системасын өнүктүрүүнүн
перспективалары жана иштешүү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлиги
- эмгек, эмгекти коргоо, калкты социалдык жактан коргоо, пенсиялык
жана социалдык камсыздоо, баштапкы кесиптик билим берүү, үй-бүлөнү жана
балдарды коргоо жагындагы жалпы мамлекеттик саясатты аныктоо;
- социалдык өнүктүрүү, эмгекке акы төлөө жана социалдык өнөктөштүк
жагынан реформаларды тездетүүнү камсыздоочу мамлекеттик саясатты иштеп
чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- ооруган жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурларда, энелик,
өндүрүштүк жаракат алуу же кесиптик ооруга чалдыгуу учурларында социал-
дык камсыздоо боюнча саясат жүргүзүү, ошондой эле ден соолук чыњдоо бо-
юнча чараларды уюштуруу;
- өндүрүштө эмгекти коргоо жана анын шарттарына, эмгек жөнүндө
мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү камсыз-
доо;
- топтоо элементтерин ишке киргизүү жана пенсионерлердин жашоо
дењгээлин жогорулатуу максатында пенсиялык саясатты өркүндөтүү;
- даректүү жардам көрсөтүүнү ишке киргизүү аркылуу калкты социал-
дык жактан коргоо жагынан мамлекеттик саясатты өркүндөтүү;
- үй-бүлөнү жана балдарды коргоо, көзөмөлсүз калуу жана жашы жете-
лектердин арасында тартип бузуулардын алдын алуу проблемаларын чечүү,
аларды социалдык реабилитациялоо боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана
жүргүзүү;
- майыптардын укуктарынын гарантияларын камсыздоо жана аларды ко-
омго интеграциялоо;
- баштапкы кесиптик билим берүү, кесиптик кадрларды даярдоонун
жањы формаларын ишке киргизүү жагынан мамлекеттик саясатты ишке ашыруу
жана өркүндөтүү;
- кары-картањдар менен майыптарды социалдык жактан тейлөөнү ишке
ашыруу;
- майыптарды медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү жана реаби-
литациялоо, өндүрүш чөйрөлөрүн кењейтүү жана майыптардын турмушун
жењилдетүүчү реабилитациялоо жана ыњгайлаштыруунун техникалык каражат-
тарын сатып алуу;
- социалдык муктаждыктарга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды
максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү;
- тиешелүү чөйрөлөрдө мамлекеттик чечимдерди даярдоо жана кабыл
алуу процессине коомчулукту тартуу механизмдерин ишке киргизүү;
- донор өлкөлөр жана эл аралык финансы институттары жагынан гума-
нитардык жардамдарды жана кредиттик-гранттык колдоолорду тартууга
көмөктөшүү;
- эмгек, калкты социалдык жактан коргоо жана баштапкы кесиптик би-
лим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна монито-
ринг жүргүзүү жана баа берүү;
- маалыматтык технологияларды, эмгек, калкты социалдык жактан кор-
гоо тармагында маалыматтарды иштеп чыгуу системаларын колдонууга кир-
гизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди иш-
ке ашыруу.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлиги
- кооптуу жаратылыштык, техногендик процесстер менен көрүнүштөргө
мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жа-
на кесепеттерин жоюу жана оорчулук масштабдар жана дењгээлдер боюнча
аларга баа берүү;
- башкаруу органдарынын, жарандык коргонуу күчтөрүн жана аскерле-
рин, мамлекеттик өрткө каршы кызматты калкты жана аймактарды жаратылыш-
тык, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чара-
ларды жүргүзүүгө дайыма даярдыкта кармоо;
- коркунучтуу өндүрүштөрдө жана объекттерде технологиялык, техни-
калык жана өнөр жайлык коопсуздук жана кен көзөмөлү үчүн республиканын
аймагында мамлекеттик көзөмөлдү уюштуруу жана ишке ашыруу;
- гидрометеорологиялык жана агрометеорологиялык болжолдоолордун
бардык түрлөрүн түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнүн
булганыш дењгээлин көзөмөлдөө.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,
соода жана туризм министрлиги
- өнөр жайдын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо максатында бирдиктүү
мамлекеттик өнөр жай саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой
эле аны ишке ашыруу методдору менен формаларын өркүндөтүү;
- республиканын тышкы экономикалык жана тышкы соода иштерин
өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасын чакан чарбалык байланыштарга интеграци-
ялоонун натыйжалуулугу үчүн шарттарды камсыздоо, ата мекендик товарлар-
ды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокко чыгаруу;
- техникалык жөнгө салуу жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты
түзүү;
- ишкердикти өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу
жана жүзөгө ашыруу;
- өнөр жай, ишкердик жана туризм жагынан ыњгайлуу инвестициялык
чөйрөлөрдү камсыздоо, өнөр жай ишканаларынын инвестициялык жагымдуулу-
гун арттыруу, өнөр жайды жана туризмди өнүктүрүү үчүн тике инвестиция-
ларды тартуунун натыйжалуу системасын түзүү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
- өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттин иш-аракетин укуктук
жактан камсыздоо;
- өз компетенциясынын чектеринде жарандардын, юридикалык жактардын
жана мамлекеттин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын камсыздоо;
- нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана аларды
белгиленген тартипте кабыл алуу боюнча аткаруу бийлик органдарынын иш-
терин координациялоону камсыз кылуу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген ыйгарым укуктардын
чектеринде каттоо процедураларын камсыздоо;
- сот жана башка органдарынын актыларынын аткарылышын камсыздоо;
- кылмыш жазыктардын аткарылышын камсыздоо;
- укуктук маселелер боюнча эл аралык байланыштарды камсыздоо;
- соттук-эксперттик иштерди уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берил-
ген ыйгарым укуктардын чектеринде лицензиялоону ишке ашыруу.
Кыргыз Республикасынын Миграция жана
иш менен камсыз кылуу боюнча
мамлекеттик комитети
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары миг-
рация, калкты иш менен камсыз кылуу жагында бирдиктүү мамлекеттик сая-
сатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасында миграция жана калкты иш менен камсыз кы-
луу боюнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашы-
руу, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо;
- миграциялык кырдаалды, эмгек рыногунун абалын мониторинг
жүргүзүү, ага баа берүү жана болжолдоо;
- эл аралык эмгек рыногуна кирүү боюнча негизги өнөктөш мамлекет-
тер менен эл аралык-келишимдик база түзүү;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык
миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик башка-
руу органдарынын өз ара аракетин координациялоо жана жөнгө салуу;
- аймактык органдардын жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн иште-
рин координациялоо жана контролдоо, методикалык жана уюштуруу жардамда-
рын көрсөтүү;
- миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу жагында эл аралык
кызматташтыкты өнүктүрүү жана терењдетүү;
- Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн тартуу жана
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу про-
цесстерин натыйжалуу жөнгө салууну жана контролдоону камсыз кылуу;
- качкындарга, ыктыярдуу көчмөндөргө, тарыхый мекенине кайтып ке-
лишкен этностук кыргыздарга жана мигранттардын башка категорияларына
карата Мамкомитеттин компетенциясына кирүүчү эл аралык милдеттенмелерди
аткаруу боюнча практикалык чараларды уюштуруу;
- ишке орноштуруу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу, жу-
мушсуздарды кесипке окутуу, жумушсуздарды кайра окутуу жана квалифика-
циясын жогорулатуу, алардын өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусуна
көмөктөшүү жана ишкердик активдүүлүк боюнча жигердүү чараларды иштеп
чыгуу;
- жумуш табууда өзгөчө кыйынчылыкка дуушар болушкан жумушсуз жа-
рандарды (жаштарды, көп балалуу энелерди, майыптарды ж.б.у.с.) иш менен
камсыз кылууга көмөктөшүүчү ишке орноштуруунун ийкемдүү формаларын жана
көндүм болбогон чараларын ишке киргизүүгө көмөктөшүү;
- жумушсуздук боюнча пособиелерди төлөө аркылуу жумушсуз жарандар-
га социалдык колдоолорду көрсөтүү;
- калкты иш менен камсыз кылуу жана профсоюздар, жумуш берүүчүлөр
менен натыйжалуу үч тараптуу кызматташтыктын негизинде эмгек миграциясы
саясатын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда аткаруу бийлик органдарын
жана өкмөттүк эмес структуралардын өз ара аракетин камсыз кылуу;
- ички миграция процесстерин турукташтыруу жана тартипке келтирүү
үчүн региондук эмгек рынокторун өнүктүрүү жана жањы жумушчу орундарын
түзүү боюнча мамлекеттик жана башка структуралардын, жергиликтүү башка-
руу органдарынын иш-аракеттерин уюштуруу жана координациялоо.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитети
- мамлекеттик менчикти башкаруу жана тескөө, мамлекеттик мүлктү
менчиктештирүү саясатын ишке ашыруу;
- менчиктештирилген ишканалардын иштерине мониторинг жүргүзүү жана
келишимдик милдеттенмелерди аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, азыркы учурдагы
башкаруу кадрларын түзүү, мамлекеттик менчикти башкарууга квалификация-
луу башкаруучуларды тартуу, менчикти пайдаланууну эсепке алуу жана
контролдоо аркылуу мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жого-
рулатуу;
- ишканалардын банкроттугунун (кудуретсиздигинин) алдын алуу боюн-
ча мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана банкроттук жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарын ишке ашыруу;
- банкроттук процессинин чектеринде төлөөгө жөндөмсүз чарбакер
субъекттерди жакшыртуу;
- менчиктештирүү, банкроттук процесстеринин маалымдуулугун жана
ачык-айкындуулугун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана таламдарын коргоо-
ну камсыздоо;
- баа берүү институтун укуктук жактан камсыздоо жана координация-
лоо аркылуу аны өркүндөтүү жана өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы №408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2009 · № 408
- Инструкция о порядке выдачи, обмена, восстановления, учета и хранения свидетельств о регистрации ходатайства о предоставлении статуса беженца ( Утверждена приказом…Инструкция · 14.03.2007 · Күчүн жоготкон
- Инструкция о порядке выдачи, обмена, восстановления, учета и хранения удостоверений беженцев (Утверждена приказом Государственного комитета Кыргызской Республики по миграции и…Инструкция · 14.03.2007 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүЗакон · 27.09.2005 · № 153 · Күчүн жоготкон