# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 488
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10971/edition/717995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө" токтому (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56616

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 20-октябры, № 488

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган

адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин

Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды

конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана

символикалык белгиси жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды

конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана

символикалык белгисин даярдоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин

кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен

алып жүрүү боюнча мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын

чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
