# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 486 «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 486 «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 486
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10969/edition/325500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 486 «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети жөнүндө" токтому (19.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56614

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-октябры, № 486

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик

коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында

мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» жана «Акционердик коомдор

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык «Кыргыз айыл чарба

финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик коомунун 100 процент

акцияларынын ээси катары чыксын;

- белгиленген тартипте акционерлердин жалпы чогулушун өткөрсүн жана

«Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик

коомунун башкаруу органдарын шайласын.

- «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги

акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин белгиленген

тартипте менчиктештирсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
