Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 19-октябры, № 486
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик
коомунун акцияларынын мамлекеттик пакети жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында
мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» жана «Акционердик коомдор
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык «Кыргыз айыл чарба
финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик коомунун 100 процент
акцияларынын ээси катары чыксын;
- белгиленген тартипте акционерлердин жалпы чогулушун өткөрсүн жана
«Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги акционердик
коомунун башкаруу органдарын шайласын.
- «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» жабык типтеги
акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин белгиленген
тартипте менчиктештирсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- О Правительстве Кыргызской РеспубликиЗакон · 25.03.1997 · № 17 · Күчүн жоготкон