# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 485
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56613>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10968/edition/1154514/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун корутундусу тууралуу" токтому (19.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56613

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-октябры, № 485

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнун корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын конституциясынын 65-статьясынын 5-

пунктуна ылайык Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

М.А.Султанов тарабынан демилге кылынган «Кыргыз

Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген

корутундунун негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилге

кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү

киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун

карап чыгып, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 65-

статьясынын 5-пунктуна ылайык анын кабыл алышына төмөнкү

негиздер боюнча макулдук бербейт.

«Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер

участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл

чарбасына багытталбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер

салыгынын базалык ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 10-статьясына ылайык Ош облусунун Алай

районундагы Сарымогол айыл өкмөтүнүн тургундары айыл чарба

жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын,

калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына

багытталбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын

төлөөдөн бошотулат.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 147-статьясынын

биринчи бөлүмүнө ылайык 147-статьянын 2-бөлүгүндө саналып

өткөн, ошондой эле бажы мыйзамдары боюнча нормативдик

актыларда каралган товарлар, буюмдар жана башка нерселер,

эгерде аларды Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып

келүү бажы мыйзамдарынын белгиленген жоболорунун шарттарына

ылайык келсе КЫСтен бошотулат.

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 191-статьясынын

биринчи бөлүмүнө ылайык өндүрүштүк, ишкердик же башка

коммерциялык иштерди жасоого багытталбаган товарлар, жеке

адамдар тарабынан бажы чегарасы аркылуу жењилдетилген

тартипте алынып өтүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 191-

статьясынын үчүнчү бөлүмүнө ылайык жеке жактардын бажы

чегарасы аркылуу товарларды жекече пайдалануусу үчүн алып

өтүүсүнүн тартиби бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук

бошотууну, бажы алымдарынын, салыктарына бирдиктүү ченин

колдонууну, бажы төлөмүнүн жыйындысы түрүндө бажы төлөмдөрүн

алууну, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу

жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

белгиленген тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын товарларга

карата колдонбоону жана бажы жагынан жол-жоболоштурунун

жөнөкөйлөтүлгөн тартибин камтыйт.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу

жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып

өтүу жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз

Республикасьшын Өкмөтүнүн 2004 - жылдын 31 - декабрындагы №

976 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан

товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманын

1-пунктунун 1.3-пунктчасынын экинчи абзацына ылайык жеке

адамдардын товарларды бажылык төлөмдөрду төлөөдөн толук

бошотуу жана жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуу

менен жөнөкөйлөтүлгөн жењилдиктүү тартипте алып келүүсү

качкындар жана көчкөндөр мурда өздөрүнө менчик укугунда

таандык жана өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык

максаттарга багытталбаган товарларды Кыргыз Республикасына

туруктуу жашоочу жерине алып кирүүсүндө, алардын салмагына,

санына, баасына карабастан жүргүзүлөт.

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын салыктар жана

жыйымдар жөнүндө кодексин (Салык кодексин) колдонууга

киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана

Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө

кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 - жылдын 28 - июнундагы № 266

токтому менен Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоору

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна

киргизилген. Азыркы учурда бул мыйзам долбоорлор

ведомстволор аралык Комиссия тарабынан иштелип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы

редакциясынын долбоорунда салык салуу боюнча айрым шилтеме

нормаларды кошуу каралбайт. Ошонтип республиканын салык

мыйзамдарын камтыган салык салуу боюнча бирдиктүү документ

түзүү башкы себептердин бири болуп саналат.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Салык

кодексине өзгөртүү киргизүү максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Премьер-министр Ф.Кулов
