# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоң районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоң районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 484
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56612>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10967/edition/325498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56612.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоң районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтому (19.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56612

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-октяры, №484

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусундагы Тоњ районунун

айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ысыккөл облусундагы Тоњ

районунун Арчалуу, Коргондубулак, Турасуу участокторундагы

айдоо жерлерде вегетациялык мезгилдин кыскалыгынан, активдүү

температура суммасынын жетишсиздигинен айыл чарба

өсүмдүктөрү бышпастыгын белгилейт. Кийинки жылдарда кыртыш

алдындагы суу көтөрүлгөндүктүн кесепетинен райондун

аймагында сазга айланган аянттар көбөйүүдө. Мурдагы сугат

жерлердин көпчүлүк массивдери табигый кырсыктардын

кесепетинен сугат булагынан ажырагандыктан айыл чарбалык

пайдалануудан чыгарылган, натыйжада айрыкча баалуу айыл

чарба жерлери анча баалуу эмес жерлерге

трансформацияланууда.

Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Тоњ районунун

тургундарынын социалдык проблемаларын чечүү максатында жана

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык

Кыргыз Республикасыиын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облустук мамлекеттик

администрациясынын Жер бөлүү менен байланышкан маселелер

боюнча республикалык комиссияга макулдашылган, Кыргыз

Республикасынын Ысыккөл облусунун Тоњ районунун 4420,2 га

айыл чарба жерлерин, анын ичинде 3513,2 га сугат айдоону,

891,1 га кайрак айдоону, 16,0 га көп жылдык өсүмдүктөр

турган жерди тиркемеге ылайык трансформациялоо жөнүндө

сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик

администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү

өзгөртүүлөрду киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын- Премьер-мйнистринин Аппаратынын агроөнөржай

комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
