# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 483 " Достук үйүнүн имаратын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 483 " Достук үйүнүн имаратын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 483
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10966/edition/759035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы № 483 " Достук үйүнүн имаратын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56611

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-октябры, №483

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Достук үйүнүн имаратын өткөрүп берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)

Достук үйүнүн имаратынын бөлмө жайларын пайдаланууну тартипке салуу

жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш

башкармасы төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине

аныкталган тартипте өткөрүп беришсин:

- Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан Достук үйүнүн

имаратын министрликтин балансына;

-((3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин борбордук

аппараты, Кыргызстан элинин ассамблеясы, улуттук-маданий кошуундар

жана Достук үйүнүн бөлмө-жайларын ээлеп турган башка уюмдар тиркемеге

ылайык жайгаштырылсын;

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн администрациялык имаратты

өткөрүүнү-кабыл алууну аныкталган тартипте камсыздасын;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын

администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге

тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-июлундагы. № 421

«Достук үйү дирекциясын өткөрүп берүү жөнундө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-мартындагы № 119-

б буйругу.

5. Бул тодтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
