# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №482 "«Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айылдык кеңешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №482 "«Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айылдык кеңешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 482
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56610>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10965/edition/1154544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56610.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-октябрындагы №482 "«Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айылдык кеңешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн корутундусу тууралуу" токтому (19.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56610

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-октябры, №482

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айылдык кењешинин

тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмотүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-

пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

М.А.Султанов тарабынан демилге кылынган «Ош облусунун Алай

районундагы Сарымогол айылдык кењешинин тургуњдарын

мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун

негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кмргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

«Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айылдык

кецешинин тургундарын мамлскеттик колдоо боюнча чаралар

жөнүндө» Кыргыз Республикасыныи Мыйзам долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин депутаты М.А.Султанов тарабынан демилге

кылынган «Ош облусунун Алай районундагы Сарымогол айылдык

кењешинин тургундарын мамлекеттик колдоо боюнча чаралар

жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап

чыгып, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 65-

статьясынын 5-пунктуна ылайык анын кабыл алышына төмөнкү

негиздер боюнча макулдук бербейт.

«Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер

участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл

чарбасына багытталбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер

салыгынын базалык ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 10-статьясына ылайык Ош облусунун Алай

районундагы Сарымогол айыл өкмөтүнүн тургундары айыл чарба

жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын,

калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына

багытгалбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын

төлөөдөн бошотулат.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 147-статьясыпын

биринчи бөлүмүнө ылайык 147-статьянын 2-бөлүгүндө саналып

өткөн, ошондой эле бажы мыйзамдары боюнча нормативдик

актыларда каралган товарлар, буюмдар жана башка нерселер,

эгерде аларды Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып

jekүү бажы мыйчамдарынын белгиленген жоболорунун шарттарына

ылайык келсе КНСтен бошотулат

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 191-статьясынын

биринчи бөлүмүнө ылайык ондүрүштүк, ишкердик же башка

коммерциялык иштерди жасоого багытталбаган товарлар, жеке

адамдар тарабынан бажы чегарасы аркылуу жењилдетилген

тартипте алынып атүлүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 191-статьясынын

үчүнчү бөлүмүнө ылайык жеке жактардын бажы чегарасы аркылуу

товарларды жекече пайдалануусу үчүн алып өтүүсүнүн тартиби

бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук бошотууну, бажы

алымдарынын, салыктарына бирдиктүү ченин колдонууну, бажы

төлөмүнүн жыйындысы түрүндө бажы төлөмдөрүн алууну, ошондой

эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тарифтик

эмес жөнгө салуу чараларын товарларга карата колдонбоону

жана бажы жагынан жол-жоболоштурунун жөнөкойлотүлгөн

тартибин камтыйт.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу

жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып

өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана

автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманын 1-пунктунун 1.3-

пунктчасынын экинчи абзацына ылайык жеке адамдардын

товарларды бажылык төлөмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу жана

жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуу менен

жөнөкойлөтүлгөн жењилдиктуү тартипте алып келүүсү качкындар

жана көчкөндор мурда өздөрүнө менчик укугунда таандык жана

өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык максатгарга

багытталбаган товарларды Кыргыз Республикасына туруктуу

жашоочу жерине алып кирүүсүндө, алардын салмагына, санына,

баасына карабастан жүргүзүлөт.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен жана Ош облусунун

Алай районундагы Сарымогол айылдык кецешинин тургундарынын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгем

жецилдиктери бар болгонун эске алуу менен Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү «Ош облусунун Алай районундагы

Сарымогол айылдык кењешинин тургундарын мамлекеттик колдоо

боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Премьер-министр Ф.Кулов
