# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-октябрындагы № 480 "Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча жайгашкан 25 квартиралуу № 10 турак үйдүн тургандарынын менчик укугун таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-октябрындагы № 480 "Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча жайгашкан 25 квартиралуу № 10 турак үйдүн тургандарынын менчик укугун таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 480
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10964/edition/325495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-октябрындагы № 480 "Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча жайгашкан 25 квартиралуу № 10 турак үйдүн тургандарынын менчик укугун таануу жөнүндө" токтому (17.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56608

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 17-октябры № 480

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча

жайгашкан 25 квартиралуу № 10 турак үйдүн тургандарынын

менчик укугун таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жайга укуктарын коргоону

камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча жайгашкан куру-

лушу бүтпөгөн 25 квартиралуу № 10 турак үйдө жашаган тургандардын Кыр-

гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-

митети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык алар ээлеген квартираларга

менчик укугу таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын

талабына ылайык жогоруда аталган үйдү эксплуатацияга мамлекеттик кабыл

алууну белгиленген тартипте уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосу белгиленген тартипте укук

белгилөөчү документтерди тариздесин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана

бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
