Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаары, „Жал-29“ кичирайону дареги боюнча жайгашкан 25 квартиралуу № 10 турак үйдүн тургандарынын менчик укугун таануу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-октябры № 480
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча
жайгашкан 25 квартиралуу № 10 турак үйдүн тургандарынын
менчик укугун таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жайга укуктарын коргоону
камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бишкек шаары, "Жал-29" кичирайону дареги боюнча жайгашкан куру-
лушу бүтпөгөн 25 квартиралуу № 10 турак үйдө жашаган тургандардын Кыр-
гыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик ко-
митети тарабынан бекитилген тизмеге ылайык алар ээлеген квартираларга
менчик укугу таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
талабына ылайык жогоруда аталган үйдү эксплуатацияга мамлекеттик кабыл
алууну белгиленген тартипте уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосу белгиленген тартипте укук
белгилөөчү документтерди тариздесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана
бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.