# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-октябрындагы №477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-октябрындагы №477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 477
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10961/edition/325491/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-октябрындагы №477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56605

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-октябры,№ 477

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Москва шаарында 2003-жылдын 22-сентябрьшда кол коюлган Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн

ортосундагы Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн Россия

Федерациясында жана Россия Федерациясынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн

Кыргыз Республикасында жайгашуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну

ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен

ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия

Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын

дипломаттык өкүлчүлүгүнүн Россия Федерациясында жана Россия

Федерациясынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасында

жайгашуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну аткаруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. "Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-июлундагы № 457 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети Бишкек шаары, Манас проспектиси, 55 дареги боюнча

жайгашкан, жалпы аянты 5315,6 квадрат метр, Кыргыз Республикасынын

Тышкы иштер министрлигинин

Дипломатиялык сервисинин мамлекеттик ишканасынын балансында турган

имаратты Россия Федерациясынын менчигине Россия Федерациясынын Кыргыз

Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте

өткөрүп берсин.";

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"5. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна Бишкек

шаары, Манас проспектиси, 55 дареги боюнча жайгашкан имараттын

жанындагы жер участкасын Россия Федерациясынын Элчилигине белгиленген

тартипте ижарага өткөрүп берсин.".

3. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
