# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 " Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 " Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 457
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56589>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10946/edition/1184835/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56589.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 " Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому (31.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56589

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы N 655 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 28-сентябры № 457

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)

Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча өмүрдү тобокелдикке салуу менен байланыш- кан күтүүсүз кырдаалдарда иштердин нормаланбаган режимине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-

рлигинин аппаратынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн төмөндөгүлөр белгиленсин:

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- тамак-ашка эњ аз эмгек акынын тогуз эсе өлчөмүндө ар айлык ком-

пенсация;

- издөөчү, кыйроодон-куткаруучу жана калыбына келтирүүчү иштерге

өзгөчө кырдаалдар аймагында же өмүрдү тобокелдикке салуу менен байла- нышкан кооптуу участокторду, кооптуу табигый жана техногендик процесс- терди изилдөөгө түздөн түз катышкан кызматкерлер үчүн - эки кызматтык маяна өлчөмүндө кошумча төлөө. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-

рлиги ушул токтомдо каралган төлөп берүүлөрдү Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн каражаттардын эсебинен 2005-жылдын 1-сентябрынан баштап жүргүзсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
