Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Положение о специальном блокированном счете Государственного агентства информационных ресурсов и технологий при Правительстве Кыргызской Республики в Центральном казначействе Министерства финансов Кыргызской Республики (Постановление Правительства Кыргызской Республики)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык
ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук
казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 4-сентябрындагы № 495,
2009-жылдын 15-апрелиндеги № 232
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик агентствонун Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон
эсебинин булактары жана түзүлүү тартиби
III. Мамлекеттик агентствонун Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын
блоктолгон эсебин пайдалануу тартиби
IV. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
I. Жалпы жоболор
1.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун (мындан ары - Мамлекеттик
агентство) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук каз-
начылыгандагы атайын блоктолгон эсеби Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин 2005-жылдын 1-февралындагы № 45 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республи-
касынын жарандарынын паспортторун сатуудан акча каражаттарынын
түшүүсүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкындыгын камсыз кы-
луу, даярдоочу ишкана менен паспорттордун буклеттерин даярдаганы жана
жеткирип бергендиги үчүн өз учурунда эсептешүү, аларды персонификация-
лоо жана берүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу максатында түзүлгөн.
II. Мамлекеттик агентствонун Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын
блоктолгон эсебинин булактары жана түзүлүү тартиби
2.1 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казна-
чылыгындагы атайын блоктолгон эсебинин каражаттары Кыргыз Республикасы-
нын жарандарынын темөнкүдөй даярдалган жана персонификациялаштырылган
паспортторун сатуудан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык паспортун;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспортун, анын ичин-
де Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр
берилгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан алынуучу мамле-
кеттик алымдан:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун.
2.2 Мамлекеттик агентство каражаттарды которуу үчүн Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финан-
сы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеп
ачат.
III. Мамлекеттик агентствонун Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын
блоктолгон эсебин пайдалануу тартиби
3.1 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казна-
чылыгындагы атайын блоктолгон эсебинин тескөөчүсү болуп директору аты-
нан чыгуучу Мамлекеттик агентство болуп саналат.
3.2 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казна-
чылыгындагы атайын блоктолгон эсебине түшкөн каражаттар төмөнкү чыгым-
дарды жабууга багытталат:
- Мамлекеттик агенство менен даярдоочу ишкана тарабынан белгилен-
ген жеткирип берүү графигине ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын
паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту-
нун, Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык паспортунун, Кыргыз
Республикасынын жаранынын кызматтык паспортунун буклеттерин даярдаганы
жана жеткирип бергендиги жана ага сарпталуучу материалдар үчүн даярдоо-
чу ишканага акы төлөө боюнча;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун, Кыргыз Республика-
сынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, Кыргыз Республикасынын жа-
ранынын дипломатиялык паспортунун, Кыргыз Республикасынын жаранынын
кызматтык паспортунун буклеттерин жеткирип бергендиги жана ага сарпта-
луучу материалдар менен байланышкан салыктык жана бажылык төлөмдөрдү
төлөө боюнча;
- паспортторду автоматташтырылган персонификациялоо системасы
(мындан ары - ПАПС) жана персонификациялоонун программалык-техникалык
комплекси (мындан ары - ПТК) менен байланышкан жабдууларды, оргтехника-
ны, инвентарларды, кењсе буюмдарын жана аларга сарпталуучу материалдар-
ды сатып алуу боюнча;
- программалык продуктту иштеп чыгуу, ПАПСты жана ПТКны ишке кир-
гизүү, ошондой эле паспорттордун буклеттерин тариздөө (персонификация-
лоо) үчүн контракттык негизде тандалып адистердин эмгегине акы төлөө
боюнча;
- ПАПС жана ПТК менен байланышкан чабармандык кызмат көрсөтүү, те-
лефон байланышы, электр менен жабдуу жана коммуналдык кызматтарга акы
төлөө боюнча;
- ПАПС жана ПТК жайгашкан жайларды ремонттоого акы төлөө боюнча;
- ПАПС жана ПТК жайгашкан жайларды кайтаруу кызматына акы төлөө
боюнча;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 1-февралындагы №
45 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспортун жана
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык
паспортун берүү жана жарандардын айрым категорияларынын мамлекеттик
алым төлөөсүнө жењилдиктерди берүү жөнүндө" Жарлыгына тиркелген тизмеге
ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууда Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарынын айрым категорияларына мамлекеттик алым төлөөгө
карата жењилдиктерди берүү боюнча.
- автоматташтырылган маалыматтык системага, электрондук архивге
жана электрондук документ жүгүртүүгө акы төлөө боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги № 232 токтомунун редакци-
ясына ылайык)
3.3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Рес-
публикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн ыйгарым укук-
туу мамлекеттик органга кайрылганда алынган мамлекеттик алымдын кара-
жаттарын бөлүштүрүүдө 85 процент өлчөмү - Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агентствосунун атайын блоктолгон эсебине жана 15 проценти - ички иштер
органдарынын өнүктүрүү фондуна түшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 495 токтомунун редак-
циясына ылайык)
IV. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
4.1 Мамлекеттик агенство Кыргыз Республикасынын Финансы министрли-
гинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсебине топтолуучу
каражаттардын түшүүсүнүн жана пайдаланылуусунун эсебин жүргүзөт жана
талап кылынган мөөнөттө белгиленген тартипте отчет берет.
4.2 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казна-
чылыгындагы атайын блоктолгон эсебинин финансылык жылдын акырына чейин
пайдаланылбай калган каражаттарынын калдыгы баштапкы баланс катары ки-
йинки финансылык жылга которулат.
4.3 Мамлекеттик агенствонун Кыргыз Республикасынын Финансы минист-
рлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсебинин аудити
Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 21-сентябрындагы, № 443 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун…Постановление · 21.09.2005 · № 443
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 495"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Постановление · 04.09.2008 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги №232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосунун…Постановление · 15.04.2009 · № 232
- Указ Президента КР от 1 февраля 2005 года УП N 45 "О выдаче паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года и общегражданского паспорта гражданина Кыргызской…Указ · 01.02.2005 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.