# Постановление Правительства КР от 26 сентября 2005 года № 453 "О согласии Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 26 сентября 2005 года № 453 "О согласии Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 453
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10941/edition/1154494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 26 сентября 2005 года № 453 "О согласии Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики» (26.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56581

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 26-сентябрындагы № 453

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык токтом кылат:

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясына жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

@1 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн

Корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан

демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып, аны

төмөнкүдөй сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен Кыргыз

Республикасынын Жоюрку Кењешине киргизүүгө макулдук берет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын аймагында бнрдиктүү салыктык система иштөөгө тийиш.

Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Эл аралык валюталык

фонддун 2005-2007-жылдарга карата экономикалык саясат жөнүндө

меморандумуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берилчү

бардык салыктык жњилдиктер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде

жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде мамлекеттик мекемелердики

сыяктуу чагылдырылат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2005-жылдын 28-

июнундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө

кодексин (Салык кодексин) колдонууга киргизүу тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана

жыйымдар жөнүндө кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору жөнүндө»

токтому менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы

редакциясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

кароосуна киргизилген.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-

январындагы №3 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия

аталган мыйзам долбоорду толуктап иштеп жатат жана Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкы үчүн тийиштүү салыктык жењилдиктер

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясында эске

алынат.

Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорундагы 2-статьяны алып салууну

сунуш кылабыз.

Эл аралык валюталык фонддун сунуштарын эске алып, 4-статьянын 6-

пунктунда:

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 4-пунктунун 2-

пунктчасын төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз:

«Мындан тышкары, Кыргызстандын Банкынын монетардык

милдеттенмелеринин 10 процентинен ашкан уставдык капиталынын жана

милдеттүү резервинин суммасынын үчтөн бири Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик бюджетинин кирешесине которулат.».

Премьер-министр Ф.Кулов
