# Постановление Правительства КР от 23 сентября 2005 года N 450 "О мерах по обеспечению своевременного распределения сельскохозяйственной техники, поступающей по линии гранта Правительства Японии "Увеличение производства продовольствия "KR2"

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 23 сентября 2005 года N 450 "О мерах по обеспечению своевременного распределения сельскохозяйственной техники, поступающей по линии гранта Правительства Японии "Увеличение производства продовольствия "KR2"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 450
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56578>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10939/edition/1149699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56578.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 23 сентября 2005 года N 450 "О мерах по обеспечению своевременного распределения сельскохозяйственной техники, поступающей по линии гранта Правительства Японии "Увеличение производства продовольствия "KR2" (12.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56578

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 23-сентябры N 450

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн

грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын өз

учурунда бөлүштүрүүнү камсыздоо жагындагы чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы №12 токтомунун редакциясына ылайык)

"2004-финансылык жыл үчүн "Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" де-

ген Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техни-

каларын өз учурунда бөлүштүрүүнү камсыздоо максатында Кыргаз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республика-

лык комиссия:

- "Япония Өкмөтүнүн гранттарынын каражатына сатып алынуучу айыл

чарба техникаларын бөлүштүрүү боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бе-

китүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-апре-

линдеги N 155 токтому менен бекитилген Япония Өкмөтүнүн гранттарынын

каражатына сатып алынуучу айыл чарба техникаларын бөлүштүрүү боюнча

конкурс өткөрүү жөнүндө жобого ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн

арасында Япония Өкмөтүнүн гранттарынын каражатына сатып алынуучу айыл

чарба техникаларын бөлүштүрүү боюнча 2005-жылдын 15-октябрына чейин

ачык конкурс өткөрсүн;

- айыл чарба техникаларын жаратылыштык-климаттык шарттары оор

алыскы райондордогу жањыдан түзүлгөн жана иштеп жатышкан агротехникалык

сервистик борборлорго артыкчылыктуу негизде бөлүп берсин.

2. Кыргыз Респубдикасынын Фанансы министрлигине караштуу Экономи-

каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:

- айыл чарба техникаларын алуучулар менен Алмашуу ноталарына кол

коюлган датага карата эки өлкөнүн валюталарынын орточо алмашуу курсунун

негизинде заводдон чыккан баасы (ФОБ) боюнча кредиттик келишимдерди

түзсүн;

"- ликвиддүү күрөөлүк камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 15-ноябрындагы № 670 "Мамлекет тарабынан товардык жана фи-

нансылык жардам катарында алынган же тартылган мамлекеттик кредиттердин

эсебинен сатып алынган минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу

материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка материал-

дык-техникалык ресурстар түрүндө товардык кредиттерди берүүнүн жана

бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна

ылайык, берилчү айыл чарбалык техникасынын баасын кошкондо 130 процент

өлчөмдө аныкталсын;".

- мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн 18 процент айып төлөм эсептөө менен

карыз алуучу айыл чарба техникасын алган учурдан тартып 10 жыл аралы-

гында процентсиз кредитти төлөө мөөнөтүн белгилесин;

- келишимдин шарттарында кайтарылуучу кредиттердин 100 процент

суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы утурлама фондго, анын

ичинде кредиттин 50 процент суммасы бирдей бөлүктө алгачкы 4 жылда,

калган 50 проценти - бирдей бөлүктө кийинки 6 жыл аралыганда топтоло

тургандыгы каралсын.

3. Техникаларды сактоого байланыштуу чыгымдар айыл чарба техника-

ларын алуучулар тарабынан төлөнө тургандыгы белгиленсин.

4. "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы" ачык акционердик коому

(макулдашуу боюнча) келүүчү айыл чарба техникаларын жана алардын запас-

тык бөлүктөрүнүн оператору (жооптуу сактоочусу) болуп аныкталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф. Кулов
