# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш - Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш - Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 449
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10938/edition/367613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш - Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө" (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56577

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 23-сентябры № 449

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри" АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 108, 2009-жылдын 3-июнундагы № 330, 2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Социалдык курч абалды төмөндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри" АКБсы коммерциялык банктарынын аманатчыларына - жеке жактарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө" жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 "Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө" токтомдоруна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө алар боюнча аманатчыларга - жеке жактарга тындырылбаган калдыктын өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда тындырууну жүргүзсүн.

(2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.

(2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ф.Кулов
