# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы №448 " "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-сентябрындагы №575 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы №448 " "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-сентябрындагы №575 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 448
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10937/edition/354320/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56576.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы №448 " "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-сентябрындагы №575 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (25.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56576

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 408 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 22-сентябры N 448

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун

чектерин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

11-сентябрындагы №575 токтомуна өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шаарларында көп квартиралуу үйлөрдүн жанын-

дагы жер участокторунун чектеринин долбоорлорун түзүү тажрыйбасын эске

алуу менен көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун макси-

малдуу жана минималдуу өлчөмдөрүнүн эсеби боюнча нормаларды өркүндөтүү

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин

аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-сентябрындагы N 575 токтому менен беки-

тилген Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин

аныктоонун тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-

лор киргизилсин:

- "Үйдүн жанындагы жер участоктогунун аянтынын максималдуу жана

минималдуу нормативдик өлчөмдөрү" деген тиркемесинин 2 жана 3-пункту

төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

| 2 | 1-2 | Айыл калктуу конуштарында, кичи жана орто шаарлардын | 180-300 |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  | четтеринде жайгашкан 4 жана андан ашык квартиралуу |  |
|  |  | үйлөр |  |
| 3 | 1-2 | Ушул тиркеменин 1 жана 2-пункттарында аталгандардан | 115-150 |
|  |  | башка, шаарларда жайгашкан 2-12 квартиралуу үйлөр |  |

- "Үйдүн жанындагы жер участоктогунун аянтынын максималдуу жана

минималдуу нормативдик өлчөмдөрү" деген тиркеме төмөнкү мазмундагы 4

жана 5-пункттар менен толукталсын:

| 4 | 2 | Ушул тиркеменин 1 жана 2-пункттарында | 90-115 |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  | аталгандардан башка, шаарларда жайгашкан |  |
|  |  | 13 жана андан ашык квартиралуу үйлөр |  |
| 5 | 3 | Шаарларда жайгашкан үйлөр | 60-90 |

- "Үйдүн жанындагы жер участоктогунун аянтынын максималдуу жана

минималдуу нормативдик өлчөмдөрү" деген тиркеменин 4-7-пункттары тие-

шелүү түрдө 6-9-пункттар болуп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-

дары өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар

бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-

рулуш боюнча мамлекеттик комиссиясына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
