# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы №445 ""Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын-ишканаларынын жана Сарыжаз калай кенинип кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициснт белгилөо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майыидагы № 203 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы №445 ""Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын-ишканаларынын жана Сарыжаз калай кенинип кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициснт белгилөо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майыидагы № 203 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 445
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10934/edition/325453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-сентябрындагы №445 ""Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын-ишканаларынын жана Сарыжаз калай кенинип кызматкерлеринин эмгек акысына коэффициснт белгилөо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майыидагы № 203 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (21.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56572

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2005-жылдын 21-сентябры, №445

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын-ишканаларынын

жана Сарыжаз калай кенинин кызматкерлеринин

эмгек акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-майыидагы

№ 203 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Алтын казьш алуу тармагынын кызматкерлеринин оор эмгек шарттарын

жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бийик тоо

физиологиясы жана эксперименттик потологиясы институтунун

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "Кумтор Оперейтинг

Компани" жабык акционердик коомунун бийик тоолуу объекттериндеги

жагымсыз эмгек шарттары үчүн кызматкерлердин эмгек акысына кошумча

төлөөнүн тармактык коэфициентин аныктоо боюнча илимий-изилдөө иштерин

эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу тармактарынын

ишканаларынын жана Сарыжаз калай кенинин кызматкерлеринин эмгек

акысына коэффициент белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн

1995-жылдын 30-майындагы № 203 токтомуна төмөнкүдой өзгөртүү

киргизилсин:

жогоруда аталган токтомго тиркеме төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Алтын казып алуучу ишканалардын жана Сарыжаз калай кенинин

кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөөнүн

коэффициентинин өлчөмү

| № | Кендердин жана жайгашуу | Эмгек акыга кошумча төлөөнүњ |
| --- | --- | --- |
| райондорунун аталышы | коэффициентинин өлчөмү |  |
| 1. | Макмал алтын кен | 1,85 |
| комбинаты - Макмал кени, |  |  |
| Тогузторо району |  |  |
| 2. | Сарыжаз калай кени, | 1,5 |
| Аксуу району |  |  |
| 3. | Чаткал өроөнүнүн | 1,5 |
| чайкап алма |  |  |
| алтындары |  |  |
| 4. | Нарын районунун кендери | 2,0 |
| (Солтонсары, Бучук, |  |  |
| Алтын өзөк, Тунгуч, |  |  |
| Кумбелсуу, Бирлисуу |  |  |
| ж.б.) |  |  |
| 5. | Талас "Жерүй" кени | 2,0 |
| 6. | Талдыбулак кени, Кемин | 1,2 |
| району |  |  |
| 7. | Суусамыр өрөөнүнүн | 1,5 |
| чайкап алма алтындары |  |  |
| 8. | "Кумтор" кени | 2,4 |
| 9. | Терексай кени | 1,5 |

--------------------------------------------------------------------- "

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- бекитилген кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери Терексай кенин

кошпогондо калктуу конуштардан тышкары жайгашкан тармактын

ишканаларынын кызматкерлеринин эмгек акысына колдонулары;

- эмгек акыга коэффициент төлөө ишканалардын каражаттарынын

эсебинен жүргүзүлөрү.

3. Бул токтом 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен

казьш алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
