# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 21-сентябрындагы, № 443 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 21-сентябрындагы, № 443 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 443
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10932/edition/325450/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 21-сентябрындагы, № 443 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56570

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 21-сентябры N 443

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык

ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук

казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун сатуудан акча ка-

ражаттарынын түшүшүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкындыгын

камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенствосунун Кыргыз Республикасынын Фи-

нансы министрлигинин Борбордук казначылыгындагы атайын блоктолгон эсеби

жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
