# Мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 440
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/50-180/edition/325447/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56567.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 токтому менен бекитилген) (16.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56567

---

Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн

2005-жылдын 16-сентябрындагы

№ 440 токтому менен бекитилген

Мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик

сатып алууларды ишке ашыруу тартиби

1. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда:

- эњ көп чектик суммадан ашкан суммага (катышуу чектелбеген

тооруктардан башка) сатып алуу методун тандоо сатып алуулар боюнча

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдугу боюнча ишке

ашырылат;

- эњ көп чектик суммага барабар же жогору суммага сатып алууларды

жүргүзүүдө тоорук жөнүндө кулактаидыруу жалпыга маалымдоо

каражаттарына (гезиттер: «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу»,

«Вечерний Бишкек», «Эркин Тоо», облустук, райондук гезиттер) жана

Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенине жарыяланат.

- наркы эњ көп чектик суммадан төмөн болгон товарларды, жумуштарды

жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуу методун тандоону

сатып алуучу уюм сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органдардын макулдугусуз эле ишке ашырат; кулактандыруу Мамлекеттик

сатып алуулар бюллетенине жарыяланат;

- эњ аз чектик суммадан төмөн болгон суммага сатып алууда

кулактандыруу жарыяланбайт.

2. Эњ аз чектик суммадан төмөн болгон суммага сатып алууда сатып

алуучу уюм сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

менен макулдашпастан бир эле булактан сатыи алуу методун колдоно алат.

3. Бир эле булактан наркы эњ көп чектик суммага барабар же жогору

болгон сатып алуулар методун тандоо сатып алуучу уюм тарабынан сатып

алуулар боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу гана ишке

ашырылат.

4. Сатып алуучу уюм Сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органдардын макулдугу боюнча эњ көп чектик сумманын беш

эсе өлчөмүнөн ашпаган котировкаларды суроо мстоду менен белгиленген

сапат стандарттары бар товарларды сатып алууну ишке ашыра алат.

5. Эњ көп чектик суммадан төмөн суммага сатып алууда тендердик

арызды гарантиялык камсыз кылууну киргизүү жол-жобосу колдонулбашы да

мүмкүн.

6. Наркы эњ аз чектик суммадан төмөндөн болгон товарларды,

жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуулар боюнча

(төлөмдүк тапшырмалар, эмгек макулдашуулары, жүргүзүлгөн сатып алуулар

жөнүндө актылар ж.б.) сарптоолор сатып алуучу уюм тарабынан

жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документтер сатып алуучу уюмда сакталат

жана сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы

боюнча ага берилет.

7. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 2-статьясына ылайык Мыйзам мамлекеттик коопсуздук, улуттук

коргонуу, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктарга түздөн-түз

байланышкан сатып алууларды жөнгө салбайт, аларды сатып алуу тартиби

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
