Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн
2005-жылдын 16-сентябрындагы
№ 440 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик
сатып алууларды ишке ашыруу тартиби
1. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда:
- эњ көп чектик суммадан ашкан суммага (катышуу чектелбеген
тооруктардан башка) сатып алуу методун тандоо сатып алуулар боюнча
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдугу боюнча ишке
ашырылат;
- эњ көп чектик суммага барабар же жогору суммага сатып алууларды
жүргүзүүдө тоорук жөнүндө кулактаидыруу жалпыга маалымдоо
каражаттарына (гезиттер: «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу»,
«Вечерний Бишкек», «Эркин Тоо», облустук, райондук гезиттер) жана
Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенине жарыяланат.
- наркы эњ көп чектик суммадан төмөн болгон товарларды, жумуштарды
жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуу методун тандоону
сатып алуучу уюм сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдардын макулдугусуз эле ишке ашырат; кулактандыруу Мамлекеттик
сатып алуулар бюллетенине жарыяланат;
- эњ аз чектик суммадан төмөн болгон суммага сатып алууда
кулактандыруу жарыяланбайт.
2. Эњ аз чектик суммадан төмөн болгон суммага сатып алууда сатып
алуучу уюм сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
менен макулдашпастан бир эле булактан сатыи алуу методун колдоно алат.
3. Бир эле булактан наркы эњ көп чектик суммага барабар же жогору
болгон сатып алуулар методун тандоо сатып алуучу уюм тарабынан сатып
алуулар боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу гана ишке
ашырылат.
4. Сатып алуучу уюм Сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдардын макулдугу боюнча эњ көп чектик сумманын беш
эсе өлчөмүнөн ашпаган котировкаларды суроо мстоду менен белгиленген
сапат стандарттары бар товарларды сатып алууну ишке ашыра алат.
5. Эњ көп чектик суммадан төмөн суммага сатып алууда тендердик
арызды гарантиялык камсыз кылууну киргизүү жол-жобосу колдонулбашы да
мүмкүн.
6. Наркы эњ аз чектик суммадан төмөндөн болгон товарларды,
жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуулар боюнча
(төлөмдүк тапшырмалар, эмгек макулдашуулары, жүргүзүлгөн сатып алуулар
жөнүндө актылар ж.б.) сарптоолор сатып алуучу уюм тарабынан
жүргүзүлгөндүгүн ырастоочу документтер сатып алуучу уюмда сакталат
жана сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы
боюнча ага берилет.
7. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 2-статьясына ылайык Мыйзам мамлекеттик коопсуздук, улуттук
коргонуу, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктарга түздөн-түз
байланышкан сатып алууларды жөнгө салбайт, аларды сатып алуу тартиби
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-сентябрындагы № 440 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы чектик суммаларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.09.2005 · № 440 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон