# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 "Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 "Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 436
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10927/edition/1149801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 "Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (17.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56563

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2017-жылдын 17-майындагы N 294 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу,

аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын,

атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн

бекитүү жөнүндө

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын

ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу,

аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын

өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн тиркелген үлгүлөрү бекитилсин.

2. "Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан берилүүчү

гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн жана юридикалык жактарды, алардын

филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн каттоодо (кайра каттоодо) берилүүчү

күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1998-жылдын 3-августундагы № 511 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген үлгүлөр күчүн

жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте:

- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын, ошондой эле

жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө арыздардын

формаларынын үлгүлөрүн жана аларды толтуруу тартибин бекитсин;

- жогоруда саналган күбөлүктөрдүн бланктарын даярдасын.

Премьер-министр Ф.Кулов
