# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 433 "БУУнун Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколун ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 433 "БУУнун Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколун ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 433
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56560>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10924/edition/325439/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56560.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 433 "БУУнун Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколун ишке ашыруу тууралуу" токтому (15.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56560

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 15-сентябрындагы № 433

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

БУУнун Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына

Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколун

ишке ашыруу тууралуу

БУУнун Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялык

коопсуздук боюнча Картахен протоколуна карата эл аралык

милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын аткарышы максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар

министрлиги Кыргыз Республикасынын БУУнун Биологиялык түрдүүлүк

жөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен

протоколунун талаптарын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын

аткаруучу агентствосу болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар

министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы

кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте БУУнун

Биологиялык түрдүүлүк жөнүндө конвенциясына Биологиялык коопсуздук

боюнча Картахен Протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биологиялык

коопсуздук боюнча нормативдик укуктук базасын иштеп чыгышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
