# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 15-сентябрындагы, №432 " Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерди запаска бошотуу, ошондой эле 2005-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 15-сентябрындагы, №432 " Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерди запаска бошотуу, ошондой эле 2005-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10923/edition/1154484/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 15-сентябрындагы, №432 " Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерди запаска бошотуу, ошондой эле 2005-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө" токтому (15.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56559

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 15-сентябры N 432

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка

аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердик жана

альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген

мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик

(аскердик эмес) кызматкерлерди запаска бошотуу,

ошондой эле 2005-жылдын октябрь-декабрында

жарандарды анык аскердик жана альтернативдик

(аскердик эмес) кызматка кезектеги

чакыруу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга тиешелүү аскердик

милдети жөнүндө" жана "Альтернативалык (аскердик эмес) кызмат өтөө

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу үчүн жана Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-августундагы N 332 "Кыргыз

Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн

катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын

белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик

эмес) кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2005-жылдын ок-

тябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик

эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2005-жылдын октябрь-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу

Күчтөрүнүн жана башка аскердик кошуундарынын катарынан анык аскердик

жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп

бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлери за-

паска бошотулушсун.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2005-жылдын ок-

тябрь-декабрында чакырылган күнгө карата 18 жашка толгон, чакырылуусун

создуктурууга укугу жок жарандарды, ошондой эле чакыруу курагынан улуу,

чакырууну кийинкиге калтыруу укугу бүткөн адамдарды Кыргыз Республика-

сынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик кошуундарына, ошондой эле

Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана администрациялык ведомс-

тволорунда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда альтернативдик (ас-

кердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну уюштурсун.

3. Чакырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүткөн же түрдүү себептер

менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө белгиленген мөөнөттө

чакырылбай калган, чакырылуучу улуу курактагы жарандар анык аскер кыз-

матына биринчи кезекте чакырылууга тийиш экендиги белгиленсин.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу органдарынын башчылары жарандарды анык аскердик жана

альтернативдик (аскердик эмес) кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн:

- облустарда, райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларын

түзүшүп, аларды медициналык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон медици-

налык куралдар жана аспаптар менен жабдылган чакыруу (чогултуу) пунк-

ттары менен камсыз кылышсын;

- жарандардын чакыруу пункттарына уюшкандыкта келишин камсыз кылуу

чараларын көрүшсүн;

- чакыруу комиссияларынын иштешин камсыз кылуу үчүн автотранспорт,

техникалык кызматкерлерди жана тейлөө кызматчыларын бөлүп беришсин;

- төмөнкүлөр үчүн зарыл акча каражаттарын бөлүп беришсин:

канцеляриялык товарларды сатып алууга (бланк продукцияны даярдоо-

го), чакыруу участкаларында, республикалык жана облустук чогултуу пунк-

ттарында чакырылгандардын тиричилигин, тамактануусун, бош убакытты

өткөрүүсүн уюштурууга;

чакыруу комиссиялары жиберген чакырылгандарды медициналык тек-

шерүүгө жана дарылоого;

чакырылгандарды чакыруу участкаларына жана чогултуу пункттарына

чейин жеткирүүгө;

республикалык жана облустык чогултуу пункттарынын коммуналдык кыз-

матына акы төлөөгө;

- техникалык кызматкерлерди жана автотранспорт берилбеген учурда

аскер комиссариаттарынын техникалык кызматкерлерди күтүшү жана транс-

порт кызматтарына акы төлөшү үчүн керектүү акча каражатын жергиликтүү

бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүүнү карашсын;

чакыруу участокторунда, чогултуу пункттарында жана чакырылуучулар-

ды салтанаттуу узаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылыш-

сын.

5. Тиркелген: Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы;

Республикалык чакыруу комиссиясынын резервдик курамы бекитилсин.

6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлсүн:

- чакырууну кийинкиге калтыруунун жана чакыруудан бошотуунун,

ошондой эле альтернативдик (аскердик эмес) кызматка жиберүү жөнүндө че-

чимдерди кабыл алуунун тууралыгын текшерүү;

- чакырылгандарды тажрыйбасын, жөндөмүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн

эске алуу менен аскердик-адистик жолдоонун негизделишин контролдоо;

- жарандардын райондук (шаардык) жана облустук чакыруу комиссияла-

рынын иштери боюнча даттанууларын кароо.

7. Чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врачтардын, техникалык

кызматкерлердин жана тейлөө кызматындагы адамдардын иштеген мезгилинде

алардын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акылары сакталаары бел-

гиленсин.

8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн квалификация-

луу адис врачтарды жана орто медициналык кызматкерлерди зарыл санда

бөлүп берсин;

- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучу-

ларды дарылоо-алдын алуу мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулато-

риялык) текшерүүнү жана дарылоону камсыз кылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги райондук (шаар-

дык) аскер комиссариаттарына жарандарды анык аскердик жана альтернатив-

дик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакыруу жүргүзүүгө, анык аскердик жа-

на альтернативдик (аскердик змес) кызматка чакыруудан качып жүргөн

адамдарды издеп табууну уюштурууга, ошондой эле аларды Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жардам жана көмөк

көрсөтсүн.

10. Кыргыз Республикасынын жарандарын анык аскердик жана альтерна-

тивдик (аскердик эмес) кызматка чакырууну контролдоо Кыргыз Республика-

сынын Коргоо министрлигине тапшырылсын.

11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 15-сентябрындагы

N 432 токтому менен

бекитилген

Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы

Шопоков С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-

кы штабынын Уюштуруу-мобилизация башкы башкар-

малыгынын аскерлерди чакыруу жана комплектилөө

башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрага-

сы.

комиссия мүчөлөрү:

Айдаров Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-

паратынын коргонуу жана укук коргоо органдары-

нын иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары;

Каримов Р.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-

нин ички аскеринин медициналык кызматынын на-

чальниги;

Эркегулов Ш.Э. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-

нистрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана

лицензиялоо боюнча башкы башкармалыгынын алгач-

кы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн на-

чальниги;

Ташбаев А.А. - Чүй облустук мамлекеттик администрациянын укук

коргоо органдары жана коргонуу секторунун баш-

чысы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 15-сентябрындагы

N 432 токтому менен

бекитилген

Республикалык чакыруу комиссиясынын

резервдик курамы

Иманалиев Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш-

кы штабынын Уюштуруу-мобилизациялык башкы баш-

кармалыгынын аскерлерди чакыруу жана комплек-

тилөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары

- бөлүм начальниги, комиссиянын төрагасы.

комиссия мүчөлөрү:

Асанходжаев Р.Г. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-

паратынын коргонуу жана укук коргоо органдары-

нын иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти;

Салимжанов З.З. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-

нин күжүрмөн кызмат башкармалыгынын начальниги-

нин орун басары - ички аскер штабынын кадрлар,

комплектилөө жана жана өздүк курамды эсепке

алуу кызматынын начальниги;

Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-

нистрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана

лицензиялоо боюнча башкы башкармалыгынын башкы

адиси;

Орозбаков А.Э. - Чүй облустук мамлекеттик администрациянын укук

коргоо органдары жана коргонуу секторунун же-

тектөөчү адиси.
