# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 428 «2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 428 «2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 428
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10919/edition/325432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 428 «2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (13.09.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56554

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын, 13-сентябрындагы № 428

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол

коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан

Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер

участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо

тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн

ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашуунун

7-статьясьшын биринчи абзацына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду

аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери

жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасыньш Өкмөтүнүн

ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну

ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча

мамлекеттик агентствонун директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
