# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-сентябрындагы № 425 «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-сентябрындагы № 425 «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 425
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56551>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10917/edition/1154480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56551.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-сентябрындагы № 425 «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө" токтому (12.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56551

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-сентябрындагы № 425

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы

эмгекчилер женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкметү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары

Б.М.Мурзубраимов жана А.М.Марипов тарабынан демилге көтөрүлгөн

«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы змгекчилер

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна тиркелген корутундудагы пикирлерди эске алуу менен макулдук

берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кенеши

«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана

ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык, Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Б.М.Мурзубраимов жана

А.М.Марипов тарабынан демилге көтөрүлгөн «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн

ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны төмөндөгү

пикирлерди эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.

1-статьяда:

- 1-пункттун үчүнчу абзацы жана 2-пункттун үчүнчү абзацы «орто»

деген сөздөн кийин «жана «жолдомонун» деген сөздөн кийин «эмгек жана

социалдык коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган аныктоочу» деген

сөздөр менен толукталсын» деген сөздөр менен толукталсын, анткени

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 137

токтомуна ылайык жолдомонун орточо баасын Кыргыз Республикасынын Эмгек

жана социалдык жактан коргоо министрлиги ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органга макулдашуу боюнча аныктайт;

- 3-пункттун экинчи абзацындагы «жана 19» деген сөздөр менен

толукталсын» деген сөздөр» «1 жана 19-пункттар» деген сөздөргө

алмаштырылсын» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пункттун үчүнчү абзацы «толукталсын» деген сөздөр кийин

«биринчи бөлүтү» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктун төртүнчү абзацындагы «катышуучулар», «50 проценттик

жењилдик» деген сөздөр тиешесине жараша «катышуучуларга»,

«проценттик», «50 проценттик жењилдик» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктттун бешинчи абзацы «1-4-пункттары» деген сөздөрдөн мурда

"биринчи бөлүгүнүн» деген сөздөр менен толукталсын;

- «пункт менен» деген сөздөр «пункттар менен» сөздөргө

алмаштырылсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. 20-статьянын 1-пункту «врачтардын» деген сөздөн кийин

«белгиленген нормалардын чектеринде» деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-пункттун экинчи абзацындагы «Ленинградды», «адамдарга»,

«сыйланган» деген сөздөр иретинде жараша «Ленинград», «Адам»,

«сыйлангандар» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

«7. Мыйзамдын буткүл тексти боюнча «мамлекеттик дарылоочу-алдын

алуучу мекемелерде» деген сөздөр «дарылоочу-алдын алуучу мекемелерде»

деген сөздөргө, ал эми «поликлиника» жана «амбулаториялык-

поликлиникалык мекемелер» деген сөздөр «баштапкы дењгээлдеги дарылоочу-

алдын алуучу мекемелер» деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөдө

алмаштырылсын.»;

- 2-статьдагы «учурдан» деген сөз «расмий жарыяланган күндөн баштап

күчүнө кирет» деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
