Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-09-12.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-сентябрындагы № 425
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы
эмгекчилер женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкметү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
Б.М.Мурзубраимов жана А.М.Марипов тарабынан демилге көтөрүлгөн
«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы змгекчилер
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундудагы пикирлерди эске алуу менен макулдук
берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенеши
«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана
ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык, Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Б.М.Мурзубраимов жана
А.М.Марипов тарабынан демилге көтөрүлгөн «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн
ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аны төмөндөгү
пикирлерди эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
1-статьяда:
- 1-пункттун үчүнчу абзацы жана 2-пункттун үчүнчү абзацы «орто»
деген сөздөн кийин «жана «жолдомонун» деген сөздөн кийин «эмгек жана
социалдык коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу орган аныктоочу» деген
сөздөр менен толукталсын» деген сөздөр менен толукталсын, анткени
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 137
токтомуна ылайык жолдомонун орточо баасын Кыргыз Республикасынын Эмгек
жана социалдык жактан коргоо министрлиги ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органга макулдашуу боюнча аныктайт;
- 3-пункттун экинчи абзацындагы «жана 19» деген сөздөр менен
толукталсын» деген сөздөр» «1 жана 19-пункттар» деген сөздөргө
алмаштырылсын» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункттун үчүнчү абзацы «толукталсын» деген сөздөр кийин
«биринчи бөлүтү» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктун төртүнчү абзацындагы «катышуучулар», «50 проценттик
жењилдик» деген сөздөр тиешесине жараша «катышуучуларга»,
«проценттик», «50 проценттик жењилдик» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктттун бешинчи абзацы «1-4-пункттары» деген сөздөрдөн мурда
"биринчи бөлүгүнүн» деген сөздөр менен толукталсын;
- «пункт менен» деген сөздөр «пункттар менен» сөздөргө
алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. 20-статьянын 1-пункту «врачтардын» деген сөздөн кийин
«белгиленген нормалардын чектеринде» деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункттун экинчи абзацындагы «Ленинградды», «адамдарга»,
«сыйланган» деген сөздөр иретинде жараша «Ленинград», «Адам»,
«сыйлангандар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7. Мыйзамдын буткүл тексти боюнча «мамлекеттик дарылоочу-алдын
алуучу мекемелерде» деген сөздөр «дарылоочу-алдын алуучу мекемелерде»
деген сөздөргө, ал эми «поликлиника» жана «амбулаториялык-
поликлиникалык мекемелер» деген сөздөр «баштапкы дењгээлдеги дарылоочу-
алдын алуучу мекемелер» деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөдө
алмаштырылсын.»;
- 2-статьдагы «учурдан» деген сөз «расмий жарыяланган күндөн баштап
күчүнө кирет» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тылаЗакон · 24.05.1997 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КРот 12 марта 2002 года N 137 "О реализации Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны…Постановление · 12.03.2002 · № 137 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.