# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12- сентябрындагы №424 «Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн натенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12- сентябрындагы №424 «Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн натенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 424
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10916/edition/746749/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12- сентябрындагы №424 «Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн натенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (03.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56550

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-сентябры, №424

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн

натенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар

чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар

чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги

үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-июнундагы

№ 346 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын

аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн

патенттегендиги, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар

чыгарылган жерлердин аталыштарын каттагандыгы, товар чыгарылган

жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун бергендиги үчүн алымдар

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-

жылдын 12-июнундагы № 346 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды,

пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн патенттегендиги, товардык

белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын

каттагандыгы, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун

бергендиги үчүн алымдар жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) төмөнкүдөй

толуктоолор киргизилсин:

- Жобонун I бөлүмүнүн 4-пункту «уюмдар» деген сөздөн кийин «илимий-

изилдөө мекемелерин жана жогорку окуу жайларын кошкондо,» деген сөздөр

менен толукталсын;

- Жобонун III бөлүмүнүн 3-пункту «20%ке» деген сөздөрдөн кийин

«төлөнбөгөн алымдын суммасынан» деген сөздөр менен толукталсын;

- Жобонун IV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы жањы пункт менен

толукталсын:

"---------------------------------------------------------------------

| № Дайындалган алымдар | Алымдын |
| --- | --- |
|  | шарттуу |
|  | бирдиктеги |
|  | өлчөмү |
| 5. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү |  |
| аттестациялоо |  |
| жана каттоо: |  |
| - патенттик ишенимдүү өкүлгө 50 |  |
| талапкерлерди аттестациялоо |  |
| - патенттик ишенимдүү 100 |  |
| өкүлдөрдү кайра |  |
| аттестациялоо |  |
| - аттестациялык комиссиянын 100 |  |
| чечимин |  |
| аппеляциялоо |  |
| - кайра экзамен өткөрүү 75 |  |
| - патенттик ишенимдүү өкүлдү 50 |  |
| каттоо жана |  |
| күбөлүк берүү |  |
| - Кыргыз Республикасынын 50 |  |
| Патенттик ишенимдүү |  |
| өкүлдөрүнүн мамлекеттик |  |
| реестрине жана |  |
| патенттик ишенимдүү өкүлдүн |  |
| күбөлүгүнө |  |
| өзгөртүүлөрдү жана |  |
| толуктоолорду киргизүү " |  |

----------------------------------------------------------------------"

2. «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-

жылдын 4-февралындагы № 46 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
