# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 1-сентябрындагы, № 401 " "Курулушу бүтпөгөн объекттерди каржылоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-майындагы N 245 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 1-сентябрындагы, № 401 " "Курулушу бүтпөгөн объекттерди каржылоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-майындагы N 245 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 401
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56531>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10899/edition/325410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56531.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 1-сентябрындагы, № 401 " "Курулушу бүтпөгөн объекттерди каржылоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-майындагы N 245 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56531

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1-сентябры N 401

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Курулушу бүтпөгөн объекттерди каржылоо

чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-майындагы N 245

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу, курулушу бүтпөгөн объекттердин

көлөмүн төмөндөтүү максатында жана Чүй облусунун Москва районунун Бело-

водское айылында 30 орундуу Акушердик комплекстин курулушун улантуу

максатка ылайыксыз болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. "Курулушу бүтпөгөн объекттерди каржылоо чаралары жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-майындагы N 245 токтомунун

"Саламаттык сактоо объекттеринин курулушу бүтпөгөн жана андан ары куру-

лушка жана ишке киргизүүгө сунушталган тизмеси" деген N 2 тиркемесине

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Чүй облусу" деген бөлүмүнүн "Москва районунун Беловодское айы-

лындагы 30 орундуу Акушердик комплекси" позициясы алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети белгиленген тартипте Чүй облусунун Москва районунун

Беловодское айылындагы курулушу бүтпөгөн 30 орундуу Акушердик комплекс-

ти сатсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-

малыгына жүктөлсүн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
