# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 399
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10898/edition/712655/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56530.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (08.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56530

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги N 180 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставы

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баянда-

масын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-

октябрындагы № 443 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3 пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерле-

ринин бөлүктөрүнүн Күжүрмөн туусунун баяндалышы № 3 тиркемеге ылайык

бекитилсин.";

- № 3 тиркеме (жогоруда аталган токтомго) ушул токтомго тиркемеге

ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов

@1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 1-сентябрындагы

№ 399 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Ички аскерлеринин бөлүктөрүнүн күжүрмөн

туусунун сыпаттамасы

1. Күжүрмөн туу ток кызыл түстөгү баркыт (жибек) кездемеден

даярдалган эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме энин элестетет,

кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм., анын эки бетинде

бирдей аралыкта жети горизонталдык сары-алтын түстөгү толкун сызык жай-

гашкан. Сызыктын туурасы 10 мм.

2. Кездеме энинин мањдай бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин түстүү символика белгиси

жайгашкан. Символика белгисинин диаметри 600 мм. Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин символика белгисинин өйдө

жагында сары-алтын түстөгү, бийиктиги - 55 мм, туурасы - 35 мм болгон

тамгадан бир катарда мамлекеттик тилде "АТА ЖУРТКА - БЕЙКУТТУК" деген

жазуу жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички

аскерлеринин символика белгисинин алды жагында сары-алтын түстөгү,

бийиктиги 55 мм, туурасы 35 мм болгон тамгадан эки катарда мамлекеттик

тилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерле-

ринин бирикмесинин аталышы жазылган.

3. Кездеме энинин арткы бетинин ортосуна Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик гербинин түстүү сүрөттөлүшү жайгашкан, гербин өлчөмүнүн

диаметри 650 мм. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин өйдө

жагында, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ" деген мамле-

кеттик тилдеги жазуу сары-алтын түстө эки катарда жазылган, тамгалардын

өлчөмү: бийиктиги - 55 мм, туурасы - 35 мм. Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик гербинин асты жагына сары-алтын түстөгү, бийиктиги - 55 мм,

туурасы - 35 мм болгон тамгадан эки катарда "МИНИСТЕРСТВО ВНУТРЕННИХ

ДЕЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ" деген расмий тилдеги жазуу жайгашкан.

4. Кездеме энинин үч тарабы четинен сары-алтын түстөгү жазылыгы

180 мм болгон чачык менен айланта кооздолгон.

5. Күжүрмөн туунун каскагынын диаметри 40 мм жана узуну 2500 мм

жумуру кесилген жыгачтан жасалган. Каскак кочкол-күрөњ түстө, лакталган

жана ылдыйкы учуна металл шакек кийгизилген, өйдөкү учуна узундугу

250 мм болгон, ортосунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-

гинин Ички аскерлеринин символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан колодон

жасалган (алтын жалатылган) фигуралуу темир кийгизилген.

6. Күжүрмөн туунун боосу алтын түстөгү, учунда узундугу 200 мм,

туурасы - 600 мм эки чачысы бар өрүлгөн жибек жиптен даярдалган. Боонун

узундугу чачысы менен - 2800 мм. Боо Туунун кийгизилген темиринин алды

жагына боонун учтарынын узундугунун экиден үч катышы менен бекитилет.

Премьер-министрдин Аппарат

Жетекчиси-министрдин

милдетин аткаруучу А.Исабеков
