Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-04-08.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги N 180 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 1-сентябрындагы № 399
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-октябрындагы № 443 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туусунун баянда-
масын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-
октябрындагы № 443 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3 пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерле-
ринин бөлүктөрүнүн Күжүрмөн туусунун баяндалышы № 3 тиркемеге ылайык
бекитилсин.";
- № 3 тиркеме (жогоруда аталган токтомго) ушул токтомго тиркемеге
ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
@1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 1-сентябрындагы
№ 399 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Ички аскерлеринин бөлүктөрүнүн күжүрмөн
туусунун сыпаттамасы
1. Күжүрмөн туу ток кызыл түстөгү баркыт (жибек) кездемеден
даярдалган эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме энин элестетет,
кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм., анын эки бетинде
бирдей аралыкта жети горизонталдык сары-алтын түстөгү толкун сызык жай-
гашкан. Сызыктын туурасы 10 мм.
2. Кездеме энинин мањдай бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин түстүү символика белгиси
жайгашкан. Символика белгисинин диаметри 600 мм. Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин символика белгисинин өйдө
жагында сары-алтын түстөгү, бийиктиги - 55 мм, туурасы - 35 мм болгон
тамгадан бир катарда мамлекеттик тилде "АТА ЖУРТКА - БЕЙКУТТУК" деген
жазуу жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички
аскерлеринин символика белгисинин алды жагында сары-алтын түстөгү,
бийиктиги 55 мм, туурасы 35 мм болгон тамгадан эки катарда мамлекеттик
тилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерле-
ринин бирикмесинин аталышы жазылган.
3. Кездеме энинин арткы бетинин ортосуна Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гербинин түстүү сүрөттөлүшү жайгашкан, гербин өлчөмүнүн
диаметри 650 мм. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин өйдө
жагында, "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ" деген мамле-
кеттик тилдеги жазуу сары-алтын түстө эки катарда жазылган, тамгалардын
өлчөмү: бийиктиги - 55 мм, туурасы - 35 мм. Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик гербинин асты жагына сары-алтын түстөгү, бийиктиги - 55 мм,
туурасы - 35 мм болгон тамгадан эки катарда "МИНИСТЕРСТВО ВНУТРЕННИХ
ДЕЛ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ" деген расмий тилдеги жазуу жайгашкан.
4. Кездеме энинин үч тарабы четинен сары-алтын түстөгү жазылыгы
180 мм болгон чачык менен айланта кооздолгон.
5. Күжүрмөн туунун каскагынын диаметри 40 мм жана узуну 2500 мм
жумуру кесилген жыгачтан жасалган. Каскак кочкол-күрөњ түстө, лакталган
жана ылдыйкы учуна металл шакек кийгизилген, өйдөкү учуна узундугу
250 мм болгон, ортосунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-
гинин Ички аскерлеринин символикасынын сүрөттөлүшү жайгашкан колодон
жасалган (алтын жалатылган) фигуралуу темир кийгизилген.
6. Күжүрмөн туунун боосу алтын түстөгү, учунда узундугу 200 мм,
туурасы - 600 мм эки чачысы бар өрүлгөн жибек жиптен даярдалган. Боонун
узундугу чачысы менен - 2800 мм. Боо Туунун кийгизилген темиринин алды
жагына боонун учтарынын узундугунун экиден үч катышы менен бекитилет.
Премьер-министрдин Аппарат
Жетекчиси-министрдин
милдетин аткаруучу А.Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 23 октября 1995 года №443 "Об утверждении описаний знамен Министерства внутренних дел Кыргызской Республики"Постановление · 23.10.1995 · № 443
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2016 · № 180
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 23 октября 1995 года №443 "Об утверждении описаний знамен Министерства внутренних дел Кыргызской Республики"Постановление · 23.10.1995 · № 443
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндөЗакон · 07.08.1998 · № 117