# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-августундагы № 394 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусна ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-августундагы № 394 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусна ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 394
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56525>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10893/edition/1149702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56525.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-августундагы № 394 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусна ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому (26.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56525

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 26-августу № 394

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусна

ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

Башкарууну мындан ары децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу, Бишкек шаарында жеке

турак жай куруу тармагында натыйжалуу мамлекеттик саясат жүргүзүү

максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94- статьясына

ылацык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек шаары боюнча жеке турак жай куруу маселелери Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча

мамлекеттик комиссиянын карамагынан Бишкек шаарынын мэриясынын

карамагына өтөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана

курулуш боюнча мамлекеттик комиссия Бишкек шаарында жеке турак жай

куруу боюнча штаттарды жана уруксат берүү, долбоордук жана аткаруу

документтерин белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү

структуралык бөлүмчөсүнө өткөрүп берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармачылыктарына жана

бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
