# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 26-августандагы, №393 ""Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы N 217 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 26-августандагы, №393 ""Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы N 217 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10892/edition/325390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 26-августандагы, №393 ""Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы N 217 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56520

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 17-ноябрындагы № 803 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 26-августу № 393

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен

жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын

8-майындагы № 217 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү

ташууну уюштурууну тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

бул токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Автобус маршруттарын ачууну, бөлүштүрүүнү жана бекитүүнү

төмөнкүлөр жүргүзүшөт:

- шаардык маршруттарды - тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары;

- облустар ичиндеги каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар

аралык маршруттарды - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-

циялар министрлигинин макулдугу боюнча тиешелүү облустук мамлекеттик

администрациялар;

- облустар аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар ара-

лык маршруттарды - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация-

лар министрлиги;

- эл аралык каттоонун шаардын чет жакаларында жана шаар аралык

маршруттарды - автобус маршруттары өтүүчү аймактар боюнча келишим

түзүшкөн тараптардын ыйгарым укуктуу транспорт органдары.

Жол шарттарын изилдөө боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде

автобустун жүрүү маршрутунун схемасы төмөнкүлөргө түзүлөт, бекитилет

жана берилет:

- шаардык маршруттарга - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын ма-

кулдугу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тара-

бынан;

- облустар ичиндеги каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар

аралык маршруттарга - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-

циялар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-

гинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын макулдугу бо-

юнча тиешелүү облустардын мамлекеттик администрациялар тарабынан;

- облустар аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар ара-

лык маршруттарга - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын макулдугу боюнча

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тара-

бынан;

- эл аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар аралык

маршруттарга - автобус маршруттары өтүүчү аймактар боюнча мамлекеттер-

дин ыйгарым укуктуу транспорт органдары тарабынан.

Автобустун жүрүү маршрутунун схемасы нормативдик укуктук актыда

белгиленген тартипте Операторго берилет. Ушул маршрут боюнча жол шарт-

тарына байланыштуу автобустардын жүрүшү өзгөргөн учурда маршруттун схе-

масы жалпы негиздерде каралат жана берилет.

Автобустардын жүрүү расписаниелери жүргүнчүлөр транспортунун иште-

рин уюштуруунун негизи жана ташуучу процесстин бардык катышуучуларынын

аткаруулары үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет жана аны төмөнкүлөр иш-

теп чыгат жана бекитет:

- шаардык маршруттар үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлигинин макулдугу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары;

- облустар ичиндеги каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар

аралык маршруттары үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму-

никациялар министрлигинин макулдугу боюнча тиешелүү облустун мамлекет-

тик администрациялар;

- облустар аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар ара-

лык маршруттары үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-

циялар министрлиги;

- эл аралык каттамдын шаардын чет жакаларына жана шаар аралык

маршруттар үчүн - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлиги жана автобус маршруттары өтүүчү аймактар боюнча мамлекет-

тердин ыйгарым укуктуу транспорт органдары менен макулдашылат.

Жүргүнчүлөрдү тейлөө жана шаардын чет жакаларына жана шаар аралык

маршруттарга автобустарды жөнөтүү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлиги тарабынан аныкталган Станциялык курулмалар

аркылуу билеттик система боюнча жүргүзүлүүгө тийиш;

- бир юридикалык жакка Оперотордун жана Станциялык курулмалардын

функцияларын аткарууга жол берилбейт;

- Станциялык курулмаларды долборлоого, курууга же көчүрүүгө Кыргыз

Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Кыр-

гыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль

инспекциясы башкармалыгынын макулдугусуз жол берилбейт.".

Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов
