# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 388
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10890/edition/1184888/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (29.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56518

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 19-августу № 388

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471, 2012-жылдын 31-январындагы №68, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келтирүү максатында Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. "Токой өнөр жайынын жана токой чарбасынын эмгегин жана эс алуу-

сун уюштурууда жењилдик берилүүчү кызматкерлеринин Тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 20-сентябрындагы N 504 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы "эмгегин жана эс алуусун уюштурууда

жењилдик" деген сөздөр "узартылган негизги отпуск" деген сөздөргө ал- маштырылсын;

- преамбуладагы "464" деген сандар "118" деген сандарга алмашты-

рылсын;

- 1-пункттагы "эмгегин жана эс алуусун уюштурууда жењилдик (Кыргыз

Республикасынын Эмгек кодексинин 178-статьясы)" деген сөздөр "узартыл- ган негизги отпуск" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы жана токой тармагында иш аткарган бардык чарбакер субъектилер узартылган негизги отпускаларды берүүдө ушул Тизмени жетекчиликке алышсын"; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эмгегин жана эс алуусун уюштурууда жењилдиктер берилүүчү токой өнөр жайынын жана токой чарбасынын кызматкерлеринин тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- аталышындагы "эмгегин жана эс алуусун уюштурууда жењилдик" деген

сөздөр "узартылган негизги отпуск" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Жогоруда аталган токой өнөр жайынын жана токой чарбасынын кызмат- керлерине узартылган негизги отпуск менчигинин түрүнө жана каржылоо бу- лактарына карабастан берилет".

3. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылай-

ык күчүн жоготту)

4. Аталган нормалар командировкалык чыгымдарга каралган каражат-

тардын чектеринде киргизилет.

5.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансык.

Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов
