# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 16-агустандагы, №372 " Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 16-агустандагы, №372 " Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10888/edition/325384/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 16-агустандагы, №372 " Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө" (29.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56516

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 842 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 16-августу N 372

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү

мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 68-статьясын ишке ашыруу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын

тиркелген тизмеси бекитилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 16-августундага N 372

токтому менен бекитилген

Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү

мамлекеттик уюмдардын тизмеси

1. Мамлекеттик айыл чарба ишканалары менен уюмдары же айыл жерле-

ринде жайгашкан айыл чарбасы боюнча илимий изилдөө уюмдары. (\*)

2. Темир жол транспортунун линиялык ишканалары. (\*)

3. Байланыштын эксплуатациялык ишканалары менен уюмдары. (\*)

4. Саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу жана санаториялык-про-

филактикалык мекемелери. (\*)

5. Окутуу жана тарбиялоо мекемелери.

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз

Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон райондорунда

жайгашкан мекемелери.

7. Мамлекеттик театрлар, көркөм жамааттар жана студиялар.

8. Гидрометеокызматтын тармактык уюмдары.

9. Геологиялык экспедициялар, партиялар, отряддар жана участкалар.

10. Токой жана суу чарба уюмдары.

11. Айыл жерлериндеги агартуу, саламаттык сактоо, социалдык кам-

сыздоо уюмдары, маданий-агартуу мекемелери.

12. Жалпы пайдалануудагы жолдорду эксплуатациялоочу жол уюмдары.

(\*)

13. Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо курулушту ишке ашыруучу

курулуш, курулуш монтаждоо жана башка адистештирилген уюмдар жана учас-

токтор. (\*)

14. Көлмөдөгү, көлдөгү, суудагы балыкчылык чарбалары, балык завод-

дору, көбөйтүп-өстүрүүчү чарбалар жана балык питомниктери, балык чарба-

сынын башка ишканалары, мекемелери жана уюмдары. (\*)

(\*) - башкы бухгалтерлер менен кассирлердин кызматтарынан тышкары.
