# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-августундагы № 392 " Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2005-жылдын түшүмүнөн буудай данын сактоого коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-августундагы № 392 " Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2005-жылдын түшүмүнөн буудай данын сактоого коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 392
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10885/edition/325381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-августундагы № 392 " Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2005-жылдын түшүмүнөн буудай данын сактоого коюу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56513

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 22-августу № 392

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2005-жылдын

түшүмүнөн буудай данын сактоого коюу жөнүндө

Мамлекеттик резервдин азык-түлүк буудай данынын азайтылбаган

запасынын нормативдик дењгээлин толуктоо, жазгы-талаа жумуштарын

жүргүзүүгө карызга берилген азык-түлүк буудай данын мамлекеттик

резервге өз учурунда кайтарып берүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз

Республикасынын облустары жана райондорунун мамлекеттик

администрациялары менен бирдикте - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 3-сентябрындагы № 560-6, 2005-жылдын 5-мартындагы № 140-6

буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында

2005-жылы жазгы-талаа жумуштарын даярдоо жана өз учурунда өткөрүү

боюнча чаралар жөнүндө" 2005-жылдын 9-февралындагы № 69 жана "Кыргыз

Республикасында 2005-жылы жазгы-талаа жумуштарын өз учурунда жана

сапаттуу жүргүзүү боюнча чаралар жөнундө" 2005-жылдын 14-апрелиндеги №

157 токтомдоруна ылайык жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө товардык

кредит түрүндө алынган 22624 тонна азык-түлук буудай данын 2005-жылдын

1-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик резервге кайтарып берүүнү

камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын облустары жана райондорунун мамлекеттик

администрацияларынын башчыларына мамлекеттик резервге азык-түлүк

буудай данын биринчи кезекте өз учурунда сактоого коюу жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө сактоого коюунун жыйынтыктары боюнча милдетүү

түрдө отчет берүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.

3. Облустар менен райондордун мамлекеттик администрациядары Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы

өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба

жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте:

- ушул токтомго тиркелген тизме боюнча эгинди жооптуу сактоочу-

ишканаларга азык-түлүк буудай данын чогултууну жана жеткирүүнү

уюштурушсун;

- эгин сакталган жеринде аны сактоого коюу практикасын карашсын;

- эгинди жыйноого жана жооптуу сактоочу-ишканаларга жеткирүүгө

байланыштуу чыгымдар эгин тапшыруучулардын эсебинен төлөнсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия:

- чарбакер субъекттердин бюджетке төлөмдөр, жер салыгы боюнча

карыздарын жоюу, электр энергиясы үчүн карыздарды жоюу эсебине эгинди

мамлекеттик резервге сактоого коюуну Кыргыз Республикасынын

Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги белгилеген

баада камсыз кылсын;

- айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн эгин сатып алуу боюнча пункттарды

ачсын;

- электр энергиясын, товардык материалдык баалуулуктардын жана

мамлекеттик, мобилизациялык резервдин номенклатурасына кирбеген

товарлардын жана башка булактардын нормативден ашыкча запасын сатуунун

эсебинен эгин сатып алууга жана мамлекеттик резервге сактоого коюуга

уруксат берсин;

- түшүм жыйноо аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын.

мыйзамдарында каралган шашылыш учурдап тышкары мамлекеттик резервден

азык-түлүк буудай данын берүүгө мораторий киргизсин;

- мамлекеттик резервден азык-түлүк буудай данын процентсиз товардык

кредит түрүндө берүүгө тыюу салсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссияга

\`i
