# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы № 385 "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы № 385 "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 385
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10880/edition/1154444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы № 385 "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (19.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56507

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 19-августу № 385

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев

тарабынан демилге көтөрүлгөн "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук

берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министрдин милдетин аткруучу Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине

"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Кыргыз

Республикаеынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-

шинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге кылынган "Мамлекеттик

пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кирги-

зүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана

Кыргыз Республикасынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен

аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсеп-

тейт.

"Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан

Мыйзам долбоорунун 1-статьясында көрсөтүлгөн пункттарды алып салуу рес-

публикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскарышына алып келет. Паспорт-

торду берүү үчүн мамлекеттик пошлинаны жоюу республикалык бюджеттин са-

паттуу аткарылышына таасир тийгизет. Алсак, паспортторду берүү үчүн

мамлекеттик пошлинанын колдонуудагы ставкаларында боюджеттин болжолдон-

гон жоготуулары 187,5 млн. сомду түзүшү мүмкүн

"Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы

жарандык паспортунун наркын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 304 токтомуна ылайык 60 сом

өлчөмүндө мамлекеттик пошлина алынат. Фамилиясын, аты-жөнүн которууга

жана улутун өзгөртүүгө байланыштуу, ошондой эле жоголгондордун жана жа-

рабай калгандардын ордуна паспорт берүүдө "Мамлекеттик пошлинанын став-

касын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын

18-июлундагы N 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-июлундагы № 303 токтому менен

мамлекеттик пошлинанын ставкасы 600 сомдон 100 сомго чейин азайтылган.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республиканын жа-

рандарына финансылык оорчулукту жењилдетүү боюнча чаралар көрүлгөн. Ко-

омдун айрым социалдык жактан аярлуу катмарына мамлекеттик пошлинаны

төлөө боюнча жењилдиктерди берүү аркылуу калкка андан ары жардам

көрсөтүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Буга кошумча "Мамлекеттик пошлина жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоорунун жањы редакциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтому менен жактырылгандыгын жана Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилгендигин белги-

лейбиз.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен көрсөтүлгөн мыйзам долбо-

орун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
