# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-августундагы № 378 "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-августундагы № 378 "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 378
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10873/edition/325367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 18-августундагы № 378 "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө" токтому (18.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56500

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 18-августундагы № 378

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы

Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын

кењейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администраци-

ясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык

комиссия менен макулдашылган төмөнкү сунуштары кабыл алынсын:

- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айыл өкмөтүндө жагаш-

кан Кыргыз Республикасынын жарандарынан сатылып алынган жер үлүштөрү-

нүн 80,0 га сугат айдоосун "Электр станциялары" ачык акционердик коо-

мунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын

кењейтүү үчүн берүү жөнүндө;

- жогоруда аталган жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер"

категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка

багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө.

2. чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү

киргизсин;

- "Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алып

коюга байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келти-

рүүнүн наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому

менен белгиленген нормативдерге ылайык 80,0 га сугат айдоосу үчүн айыл

чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын жана

жоготулган пайданы "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун

филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦинин төлөп берүүсүн камсыз кылсын:

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
