Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-августундагы № 378
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалы
Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын
кењейтүү үчүн жер участкасын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администраци-
ясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган төмөнкү сунуштары кабыл алынсын:
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айыл өкмөтүндө жагаш-
кан Кыргыз Республикасынын жарандарынан сатылып алынган жер үлүштөрү-
нүн 80,0 га сугат айдоосун "Электр станциялары" ачык акционердик коо-
мунун филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦине күл төгүүчү жайларынын аймактарын
кењейтүү үчүн берүү жөнүндө;
- жогоруда аталган жер аянтын "Айыл чарба багытындагы жерлер"
категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка
багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө.
2. чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- "Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алып
коюга байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келти-
рүүнүн наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому
менен белгиленген нормативдерге ылайык 80,0 га сугат айдоосу үчүн айыл
чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын жана
жоготулган пайданы "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун
филиалы Бишкек шаарынын ТЭЦинин төлөп берүүсүн камсыз кылсын:
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана
жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 14 февраля 1998 года №66 "Об утверждении Временных нормативов стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с…Постановление · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Временные Нормативы стоимости возмещения потерь сельскохозяйственного производства, связанных с изъятием сельскохозяйственных угодий для несельскохозяйственных нужд (Утверждены…Нормативы · 14.02.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон