# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 367 "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 367 "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 367
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10868/edition/325362/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 367 "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (13.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56490

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 13-августундагы № 367

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы

ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Ишкердик структураларды микрокредиттөө жолу менен Кыргыз

Республикасында чакан жана орто бизнести колдоону андан ары күчөтүү,

узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүүнү өнүктүрүү максатында, ошон-

дой эле Кыргыз Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына шайкеш келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык

акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Фондун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан

мурда берилген кредит боюнча негизги карыздын суммасын жоюунун натый-

жасында келип түшкөн 4 000 000 (төрт миллион) сом өлчөмүндөгү акча

каражаттарынын эсебинен түзүлгөнү белгиленсин.";

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүк-

түрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын наркы уставдык капиталдан ашкан

активдери жана Фонддун карыздык милдеттенмелери Фонддун кошумча капи-

талына уставдык капиталынан ашыкча салым катары эсептелсин.";

- төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Эконо-

миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Фонддун уставдык капиталын

түзүү боюнча каражаттарды эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-сентябрындагы № 490 токтомуна ылайык жерги-

ликтүү бюджеттерден, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн чегерүүлөр-

дүн эсебинен республикалык бюджеттен мурда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияга

түшкөн каражаттардын суммасына 25 жыл мөөнөткө проценсиз ссуда берүү

жөнүндө Фонд менен Келишим түзсүн.";

- 5-10-пункттар тиешелүү түрдө 6-11 пункттар деп эсептелсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев
