Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 13-августундагы № 367
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы
ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ишкердик структураларды микрокредиттөө жолу менен Кыргыз
Республикасында чакан жана орто бизнести колдоону андан ары күчөтүү,
узак мөөнөттүү ипотекалык кредит берүүнү өнүктүрүү максатында, ошон-
дой эле Кыргыз Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына шайкеш келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык
акционердик коомун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 13-апрелиндеги № 250 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Фондун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан
мурда берилген кредит боюнча негизги карыздын суммасын жоюунун натый-
жасында келип түшкөн 4 000 000 (төрт миллион) сом өлчөмүндөгү акча
каражаттарынын эсебинен түзүлгөнү белгиленсин.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүк-
түрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын наркы уставдык капиталдан ашкан
активдери жана Фонддун карыздык милдеттенмелери Фонддун кошумча капи-
талына уставдык капиталынан ашыкча салым катары эсептелсин.";
- төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Эконо-
миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Фонддун уставдык капиталын
түзүү боюнча каражаттарды эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-сентябрындагы № 490 токтомуна ылайык жерги-
ликтүү бюджеттерден, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн чегерүүлөр-
дүн эсебинен республикалык бюджеттен мурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияга
түшкөн каражаттардын суммасына 25 жыл мөөнөткө проценсиз ссуда берүү
жөнүндө Фонд менен Келишим түзсүн.";
- 5-10-пункттар тиешелүү түрдө 6-11 пункттар деп эсептелсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 13 апреля 2004 года № 250 "Об образовании Акционерного общества "Фонд развития предпринимательства"Постановление · 13.04.2004 · № 250
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 13 апреля 2004 года № 250 "Об образовании Акционерного общества "Фонд развития предпринимательства"Постановление · 13.04.2004 · № 250
- Постановление Правительства КР от 8 сентября 1999 года №490 "О дополнительных мерах по развитию малого и среднего бизнеса и промышленной деятельности населения"Постановление · 08.09.1999 · № 490 · Күчүн жоготкон