# КР Өкмөтүнун токтому 2005-жылдын 6-августу №363 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун токтому 2005-жылдын 6-августу №363 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10867/edition/325360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун токтому 2005-жылдын 6-августу №363 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө" (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56486

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-августу № 363

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы

Мињкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга

карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш

шаар тибиндеги поселогунун калкынын социалдык-экономикалык маселелерин

чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы

Мињкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга карата социал-

дык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген программасы (мындан ары - Прог-

рамма) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, мамлекеттик комиссиялар, Нарын облусунун мамлекеттик админист-

рациясы Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жарым жыл-

дыктын жыйынтыгы боюнча 15-июлга жана 15-январга чейин Кыргыз Республи-

касынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жал-

пылоо үчүн берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана

соода министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Программанын аткары-

лышы жөнүндө жалпыланган маалыматты 25-июлга жана 25-январга чейин Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы N

839 "2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен облас-

тынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын, Ысык-Көл

областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын, Нарын

областынын Мињ-Куш шаарчасын, Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй

областынын Орловка шаарчасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары

жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

токтомдун аталышында жана бүткүл текстинде "Нарын областынын

Мињ-Куш шаарчасы" деген сөздөр алып салынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы №

839 "2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен облас-

тынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын, Ысык-Көл

областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын, Нарын

областынын Мињ-Куш шаарчасын, Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй

областынын Орловка шаарчасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары

жөнүндө" токтомунун төмөнкү тиркемелери күчүн жоготту деп эсептелсин:

- "2003-2007-жылдарда Нарын областынын Мињ-Куш шаарчасын

өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы";

- "2003-2007-жылдарда Нарын областынын Мињ-Куш шаарчасын социал-

дык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу бо-

юнча ишчаралардын матрицасы";

- "2003-2007-жылдарда Нарын областынын Мињ-Куш шаарчасын социал-

дык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын финансылык кам-

сыздоо".

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармаларына жана

бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Биринчи

вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
