Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнун токтому «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Миңкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 8 сентября 2008 года № 505 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-09-08.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 6-августу № 363
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы
Мињкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга
карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш
шаар тибиндеги поселогунун калкынын социалдык-экономикалык маселелерин
чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы
Мињкуш шаар тибиндеги поселогун 2005-2007-жылдарга карата социал-
дык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген программасы (мындан ары - Прог-
рамма) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комиссиялар, Нарын облусунун мамлекеттик админист-
рациясы Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жарым жыл-
дыктын жыйынтыгы боюнча 15-июлга жана 15-январга чейин Кыргыз Республи-
касынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине жал-
пылоо үчүн берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Программанын аткары-
лышы жөнүндө жалпыланган маалыматты 25-июлга жана 25-январга чейин Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы N
839 "2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен облас-
тынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын, Ысык-Көл
областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын, Нарын
областынын Мињ-Куш шаарчасын, Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй
областынын Орловка шаарчасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары
жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун аталышында жана бүткүл текстинде "Нарын областынын
Мињ-Куш шаарчасы" деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 9-декабрындагы №
839 "2003-2007-жылдарда чакан шаарларды жана шаарчаларды: Баткен облас-
тынын Сүлүктү шаарын, Жалал-Абад областынын Көк-Жањгак шаарын, Ысык-Көл
областынын Кажи-Сай шаарчасын, Ош областынын Найман шаарчасын, Нарын
областынын Мињ-Куш шаарчасын, Талас областынын Маймак шаарчасын, Чүй
областынын Орловка шаарчасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары
жөнүндө" токтомунун төмөнкү тиркемелери күчүн жоготту деп эсептелсин:
- "2003-2007-жылдарда Нарын областынын Мињ-Куш шаарчасын
өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы";
- "2003-2007-жылдарда Нарын областынын Мињ-Куш шаарчасын социал-
дык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу бо-
юнча ишчаралардын матрицасы";
- "2003-2007-жылдарда Нарын областынын Мињ-Куш шаарчасын социал-
дык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын финансылык кам-
сыздоо".
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармаларына жана
бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи
вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 8-сентябры №505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндөПостановление · 08.09.2008 · № 505
- Постановление Правительства КР от 9 декабря 2002 года №839 "О государственных программах развития малых городов и поселков городского типа на 2003-2007 годы:г. Сулюкта Баткенской…Постановление · 09.12.2002 · № 839 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)

Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-апрелиндагы № 298 "Республиканын региондорунун тургундары менен шайлоо алдындагы жолугушуулардын жүрүшүндө айтылган шайлоочулардын…Постановление · 26.04.2006 · № 298 · Күчүн жоготкон