# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 6-августандагы, №362 "Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнүн тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 6-августандагы, №362 "Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнүн тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 362
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56485>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10866/edition/325359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56485.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 6-августандагы, №362 "Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнүн тартиби жөнүндө" токтому (06.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56485

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-августу N 362

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты

эсептөөнүн тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөөнү тартипке кел-

тирүү максатында, Кыргыз Республикасы Орто Азия регионунда "жайкы" уба-

кытты киргизүү жана жоюу практикасын колдонгон бирден-бир өлкө катары

калгандыгын, ошондой эле саатты которуу республиканын калкынын ден соо-

лугуна терс таасир тийгизе тургандыгын эске алуу менен Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында "жайкы" убакытты киргизүү жана

алып салуу практикасы жоюулсун.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөө 1 саатка ал-

как убактысынан алдыга озуу менен сааттык алкактардын эл аралык систе-

масы боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, бул 2005-жылдын 27-марты-

нан тартып колдонулуучу убакытты эсептөөгө дал келет.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология инс-

титутуна 1992-жылдын 9-октябрындагы "Убакытты жана жыштыкты өлчөө бир-

дигин камсыз кылуу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга" ылайык

Кыргыз Республикасынын аймагында убакытты эсептөө тартибинин

өзгөргөндүгү жөнүндө макулдашуунун бардык катышуучуларына 2005-жылдын

15-сентябрына чейинки мөөнөттө билдирүү жиберүү сунушталсын.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

5. "Кыргыз Республикасынын аймагында "жайкы" убакытты киргизүүнүн

жана жоюунун бирдиктүү мөөнөттөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-февралындагы N 107 токтому күчүн жоготту деп

табылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-

малыгына жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
