# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 6-августандагы, № 357 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуга карата адистерди даярдоо боюнча чаралар жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 6-августандагы, № 357 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуга карата адистерди даярдоо боюнча чаралар жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10861/edition/325353/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 6-августандагы, № 357 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуга карата адистерди даярдоо боюнча чаралар жөнүндө (06.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56480

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-августу N 357

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуга

карата адистерди даярдоо боюнча чаралар жөнүндө

"Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө

кырдаалдардын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргыз-Россия

Славян университетинде "Авариялык-куткаруучу иштер", "Пиротехникалык

иштерди жүргүзүү технологиясы", "Реалдуу сейсмотуруктуу жана туруктуу

имараттардын жана курулмалардын диагностикасы", "Суу объекттеринде ава-

риялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштердин мониторинги, бол-

жолдоо жана өткөрүү", "Табигый жана техногендик мүнөздөгү кризистик

кырдаалдарда коопсуздукту башкаруу, калкты жана аймактарды өзгөчө кыр-

даалдардан коргоо жаатында мамлекеттик экспертиза жүргүзүү" деген адис-

тештирүүлөрү бар "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" адистиги боюнча инженер-

лерди даярдоо боюнча "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" адистештирилген ка-

федрасын ачсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Кыргыз Респуб-

ликасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз-Россия Славян универ-

ситети менен бирдикте экология жана өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө адис-

терди даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу боюнча Улуттук узак

мөөнөттүү план иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республика-

сынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз-Россия Славян

университети жана тиешелүү жогорку окуу жайлары, министрликтер, ведомс-

тволор, мамлекеттик администрациялар менен бирдикте экология жана

өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө адистерди комплекстүү кесиптик даярдоо бо-

юнча каралган бюджеттик жана башка тартылган каражаттардын чектеринде

зарыл уюштуруу иш-чараларын жүзөгө ашырышсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын

иштери боюнча бөлүмүнө жана социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
