Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «1995-жылдын 30-ноябрында күчүнө кирген Конвенцияга түзөтүүлөрдү кошо алганда Вена шаарында 1968-жылдын 8-ноябрында кол коюлган „Жол белгилери жана сигналдар жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу“ Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-августу № 348
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"1995-жылдын 30-ноябрында күчүнө кирген
Конвенцияга түзөтүүлөрдү кошо алганда Вена
шаарында 1968-жылдын 8-ноябрында кол
коюлган "Жол белгилери жана сигналдар жөнүндө
конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жөнүндө
Азыркы учурдагы транспорт инфраструктурасынын өнүгүшүн эске алуу
менен жол белгилерин жана сигналдарды колдонуу жана өркүндөтүү, эл ара-
лык жол кыймылын жењилдетүү жана жол кыймылынын бир түрдүү эрежелерин
кабыл алуу аркылуу жолдордогу коопсуздукту жогорулатуу максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "1995-жылдын 30-ноябрында күчүнө кирген Конвенцияга
түзөтүүлөрдү кошо алганда Вена шаарында 1968-жылдын 8-ноябрында кол ко-
юлган "Жол белгилери жана сигналдар жөнүндө конвенцияга Кыргыз Респуб-
ликасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары бул
Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.