Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Баасын белгилебестен акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы № 243 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтом
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 августа 2010 года №178 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 13 августа 2005 года № 370 "Об утверждении положений, регламентирующих приватизацию государственного имущества методами продажи на аукционе и аренды с последующим выкупом" и признании утратившими силу некоторых постановлений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-08-27.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 13-августу № 369
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Баасын белгилебестен акциялардын мамлекеттик
пакетин сатуу боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-майындагы
№ 243 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн нормативдик укуктук базасын
өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Баасын белгилебестен акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча
аукцион өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын
27-майындагы № 243 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Баасын белгилебестен мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча аукцион
өткөрүү жөнүндө";
-1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Баасын белгилебестен мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча аукцион
өткөрүү жөнүндө жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлкту башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети аукциондо сатылбаган мамлекеттик мүлктү баасын белги-
лебестен аукциондо сатууну ишке ашырсын.";
- Баасын белгилебестен акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу боюн-
ча аукцион өткөрүү жөнүндө жобонун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берил-
син:
"Баасын белгилебестен мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча аукцион
өткөрүү жөнүндө жобо";
- I бөлүмдө:
1-пунктта "сатылып алынуучу акциялар" деген сөздөр "сатылып алыну-
учу мамлекеттик мүлк (мындан ары текст боюнча - мүлк)" деген сөздөргө
алмаштырылсын;
2-пунктта:
- биринчи абзацтагы "акциялардын мамлекеттик пакети" деген сөздөр
"мамлекеттик мүлк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "анда аукцион өткөрүүнүн англистик дагы, гол-
ландиялык дагы схемасы колдонулат" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктта:
- "акциялар" деген сөз "мүлк" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "акционердик коомдордун акцияларынын пакети" деген сөздөр "мүлк"
деген сөзгө алмаштырылсын;
- "менчиктештирүү объектине" деген сөздөр "ушул мүлккө" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Менчиктештирүү объектисинин баштапкы наркы мамлекеттик мүлктү
баалоо боюнча нормативдик укуктук актылардын негизинде аныкталат.";
5-пунктта:
- "массалык маалымат" деген сөздөрдөн кийин "андан аз эмес" деген
сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча окулсун;
- акыркы сүйлөм алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-
кеттик комитети аукциондон каалаган учурунда, бирок аны өткөрүү күнүнө
чейин үч күндөн кечиктирбестен баш тартууга укуктуу.
Баасын белгилебестен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча
бүтүмдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат аталган бүтүм жасалган күндөн
тартып үч айлык мөөнөттө жарыяланууга тийиш.".
- II бөлүмдө:
бөлүмдүн аталышында "Сатуучу" деген сөздөн кийин "жана аукцион
өткөрүү боюнча комиссия" деген сөздөр менен толукталсын;
1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тар-
типте" деген сөздөр алып салынсын;
2-пункт күчүн жоготгу деп табылсын;
3-пунктга:
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
" - ушул Жобого ылайык аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык бил-
дирүүнү жарыялоону уюштурат";
- төртүнчү абзацтагы " , ал ушул Жобого ылайык аукцион өткөрүү
жөнүндө маалыматтык билдирүүнү жарыялоону уюштурат" деген сөздөр алып
салынсын;
- үчүнчү-алтынчы абзацтар тиешелүү түрдө төртүнчү-жетинчи абзацтар
деп эсептелсин;
- алтынчы абзац алып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Баасын белгилебестен мамлекеттик мүлктү сатууга карата аукцион
өткөрүү боюнча комиссия Сатуучунун, кызыкдар министрликтердин, ведомс-
тволордун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турат.
Комиссиянын төрагалыгына Сатуучунун өкүлү дайындалат.
Комиссия мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем болбош керек.
5. Комиссия:
- арыздарды кабыл алууну жана талапкерлердин гарантиялык взностор-
ду төгүшүн текшерүүнү камсыз кылат;
- аукцион өткөрөт;
- талапкерлерди аукционго катышууга жиберүү жөнүндө чечим кабыл
алат;
- аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт жана кол коет.";
- III бөлүм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"III. Маалыматтык билдирүү
Аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө төмөнкү маалыматтар
камтылууга тийиш:
- Сатуучунун аталышы;
- аукционго коюлуучу объекттин аталышы жана жайгашкан жери;
- аукцион өткөрүлүүчү орун, күнү жана убактысы;
- аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу мезгили;
- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- гарантиялык взностун өлчөмү жана суммасы жана ал которулууга ти-
йиш болгон эсептин зарыл реквизиттери;
- аукциондун жењүүчүсүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген өлчөмдө аныкталуучу комиссиялык жыйымды Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине төлөө
жана аны көрсөтүлгөн расчеттук эсепке которуу милдеттенмеси жөнүндө ма-
алымат;
- менчиктештирүү объектисинин старттык баасы;
- өткөрүлүүчү аукцион боюнча жана менчиктештирүү объектиси боюнча
материалдарды жана маалыматтарды алууга боло турган жердин телефону жа-
на дареги;
- аукциондун уюштуруучусунун кароосу боюнча башка маалыматтар.
Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акци-
яларын сатууда маалыматтык билдирүүгө төмөнкүдөй маалыматтар киргизи-
лет:
- коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участкасынын жалпы аянты;
- кыймылсыз мүлктүн жалпы мүнөздөмөсү;
- продукциялардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги но-
менклатурасы;
- кызматкерлердин саны;
- уюштуруучулар (катышуучулар) катары жана аффилирленген адамдар,
чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын ре-
зидент эместеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденттеринин
катышуусуна чектөө коюу.".
- IV бөлүмдө:
1-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Гарантиялык взностун өлчөмү сатылуучу мүлктүн наркынын 5 проценти
өлчөмүндө аныкталат.".
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсык:
"Гарантиялык взнос төмөнкү учурларда тооруктун жыйынтыктары
жөнүндө протоколду Сатуучу бекиткен учурдан баштап 10 банктык күндүн
ичинде кайра кайтарылууга тийиш:
- аукциондун катышуучусу аукциондун жењүүчүсү болуп таанылбаганда;
- аукцион болгон жок деп таанылганда;
- талапкер катталган арызын кайра сурап алган учурда.
Гарантиялык взностун өлчөмү объектти сатып алуу баасынан ашып кет-
кен учурда аукциондун жењүүчүсүнө гарантиялык взностун суммасы менен
объектти сатып алуунун баасынын ортосундагы айырма кайтарылып берилүүгө
тийиш.";
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Арыз чапталган кош конвертте катышуучудан же ишенимдүү адамы-
нан кабыл алынат.
Ички конвертте сатылуучу мүлктүн аталышын көрсөтүү менен арыздын
өзү жана сунуш кылынган баа болот.
Тышкы конвертте төмөнкүлөр болот:
1) жеке адамдар үчүн:
- ким экендигин тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
- гарантиялык взносту төлөгөндүгүн ырастоочу банктын белгиси бар
төлөм документинин көчүрмөсү.
2) юридикалык жактар үчүн:
белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин
көчүрмөсү;
- арызды берген күндөн мурдагы акыркы кварталга карата бардык
дењгээлдеги бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча талапкердин мөөнөтү өтүп
кеткен карызынын жоктугун тастыктоочу салык инспекциясынын маалымкаты.
Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эмеси
үчүн милдеттүү болуп эсептелбейт;
- гарантиялык взносту төлөгөндүгүн ырастоочу банктын белгиси бар
төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү.
Арызды жана зарыл документтерди талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү
берген учурда ал талапкердин атынан аракеттенүүгө укугун ырастоочу до-
кументин көрсөтүүгө тийиш.";
- 3 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- V бөлүмдө:
1-пунктта:
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети тарабынан" деген сөздөр "Сатуучу тарабынан" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
- "жана арыздарды каттоо, аларды сактоо" деген сөздөр "арыздарды,
Сатуучу сактоону камсыз кылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктта экинчи жана үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
3-пунктта "акыркы" жана "арыз берүүчүлөрдүн же алардын толук укук-
туу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Биринчи жењүүчү (сатып алуучу) болуп максимум бааны сунуш кылган
аукциондун катышуучусу таанылат.";
- үчүнчү абзац алып салынсын;
- төртүнчү абзацта "жана акциялардын бирдей саны" деген сөздөр
алып салынсын;
- төртүнчү абзацта "акциялар" деген сөздөр "сатылуучу мүлк" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацта "ошол эле учурда" деген сөздөр "мында" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктта:
- биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Аукцион бүткөндөн кийин жењүүчүлөр (сатып алуучулар же алардын
ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) жана Комиссия мүчөлөрү эки нускада баасын
аныктабастан аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюшат.";
- "сатуу-сатып алуу келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдет-
тенмелери" деген сөздөр "мүлктүн сатылуучу баасы жөнүндө" деген
сөздөргө алмаштырылсын;
- "акциялар" деген сөз "мүлктөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи жана алтынчы сүйлөм алып салынсын.
- VI бөлүмдө:
1-пунктта:
"ошондон кийин дароо" деген сөздөр "Сатуучу бекиткенден кийин" де-
ген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунтта:
- "кол коюу" деген сөздөр "бекитүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "протоколдо" деген сөз "келишимде" деген сөз менен алмаштырыл-
сын;
- экинчи сүйлөм алып салынсын;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Сатуу-сатып алуу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- мүлктүн сатуучусу жана сатып алуучусу жөнүндө маалыматтар;
- келишимдин предметинин аныктамасы;
- менчиктештирилүүчү мүлк жөнүндө маалыматтар;
- сатып алынган мүлктүн баасы, формасы жана төлөм мөөнөтү;
- өз ара макулдашуу боюнча ушундай келишимдин тараптары аныктаган
башка шарттар.";
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Мамлекеттик мүлккө менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйза-
мында жана сатып алуу-сатуу келишиминде белгиленген тартипте мамлекет-
тен анын сатып алуучусуна өтөт.";
5-пунктта:
- "5" цифрасы "10" цифрасы менен алмаштырылсын;
- "кол коюу" деген сөздөр "бекитүү" деген сөз менен алмаштырылсын.
1-тиркемеде:
- тиркеменин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке адамдар үчүн баасын белгилебестен аукционго катышууга типтүү
арыз";
1-пунктта:
- "акционердик коомдун акциялары" деген сөздөр "мүлк" деген сөзгө
алмаштырылсын;
- "__ даана (сөз менен) сандагы акция үчүн" деген сөздөр алып са-
лынсын;
- "сатылып алынуучу акциялардын билдирилген саны" деген сөздөр
"сатылып алынган мүлктүн наркы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "199__-ж." деген сөз "200__-ж." деген сөзгө алмаштырылсын;
2-пунктта:
- биринчи абзацта "сатылып алынуучу акциялар" деген сөз "сатылып
алынган мүлк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "сатуучуда калуу менен" деген сөздөр "жана
сатуучуда калат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тиркеменин акырындагы "199__-ж." деген сөз "200__-ж." деген сөзгө
алмаштырылсын.
- 2-тиркемеде:
тиркеменин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Юридикалык жактар үчүн баасын белгилебестен аукционго катышууга
типтүү билдирүү";
1-пунктта:
- бир акция үчүн __ сом баасында __ даана сандагы (сөз менен) ак-
ционердик коомдун акциялары" деген сөздөр "__сом (сөз менен) баасындагы
мүлк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "сатылып алынуучу акциялардын билдирилген саны менен" деген
сөздөр "сатылып алынган мүлктүн наркы менен" деген сөздөргө алмаштырыл-
сын;
- "199__-ж." деген сөз "200__-ж." деген сөзгө алмаштырылсын;
2-пунктта "сатылып алынуучу акциялар" деген сөздөр "сатылып алын-
ган мүлк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктта ", сатуучуда калуу менен" деген сөздөр "жана сатуучуда
калат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;
тиркеменин акырындагы "199__-ж." деген сөз "200__-ж." деген сөзгө
алмаштырылсын.
- 3 жана 4-тиркемелер алып салынсын.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Положение о продаже акций на закрытом денежном аукционе (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 27 мая 1996 года №243)Положение · 27.05.1996 · № 243
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 ""Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү…Постановление · 27.08.2010 · № 178
- Постановление Правительства КР от 27 мая 1996 года №243 "О проведении аукциона по продаже государственного имущества без установления цены"Постановление · 27.05.1996 · № 243 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 ""Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү…Постановление · 27.08.2010 · № 178
- Постановление Правительства КР от 27 мая 1996 года №243 "О проведении аукциона по продаже государственного имущества без установления цены"Постановление · 27.05.1996 · № 243 · Күчүн жоготкон