# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-августундагы № 334 "Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча заемдук каражат алышкан Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну жакшыртуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-августундагы № 334 "Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча заемдук каражат алышкан Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну жакшыртуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 334
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10839/edition/1149635/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-августундагы № 334 "Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча заемдук каражат алышкан Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну жакшыртуу жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56457

---

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2005-жылдын 1-августу № 334

Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча

заемдук каражат алышкан Кыргыз Республикасынын

айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну

жакшыртуу жөнүндө

Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча заемдук каражат алыш-

кан республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну жакшыртуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-

каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- айыл чарба техникалары түрүндө Япония Өкмөтүнүн гранттарынын

эсебинен берилген кредиттер боюнча убагы өткөн карыздарды айылдык товар

өндүрүүчүлөрдөн сот жана укук коргоо органдары аркылуу мажбурлап

өндүрүү, ошондой эле айып санкцияларын эсептөөнү 2005-жылдын 1-августу-

нан тартып Япония Өкмөтү аларды узартуу жөнүндө маселени караганга че-

йин токтото турууга;

- Япония Өкмөтүнүн гранттарынын эсебинен алынган, заемчулар кайта-

рып берген айыл чарба техникаларын башка төлөөгө жөндөмдүү чарбакер

субъекттерге мурда берилген товардык кредиттердин шарттарында 3 жылдык

мөөнөткө, жаратылыштык-климаттык шарттары ыњгайсыз алыскы райондордун

чарбакер субъекттерине - 4 жылга күрөөлүк камсыздоо менен кайра

бөлүштүрүүгө;

- заводдук кемчиликтери жана башка техникалык оњ эмес жактары ме-

нен заемчу тарабынан берилген айыл чарба техникасы боюнча заемдук кара-

жаттарды төлөө графигин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана

кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте кайра карап чыгууга.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар 2003-2005-жылдарда та-

бигый кырсыктардан жапа чегишкен жана утурлама фонддордун жана Япония

Өкмөтүнүн гранттарынын рекредиттелген каражаттарынын эсебинен алынган

кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары бар айылдык товар

өндүрүүчүлөрдүн тизмеси менен жергиликтүү кењештердин чечимдерин эки

жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу

Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-

каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жергиликтүү кењештердин чечиминин

негизинде 2003-2005-жылдарда табигый кырсыктардан жапа чегишкен, утур-

лама фонддордун жана Япония Өкмөтүнүн гранттарынын рекредиттелген кара-

жаттарынын эсебинен алынган кредиттери боюнча мөөнөтү өткөн карыздары

бар чарбакер субъекттерге заемдук каражаттардын төлөө мөөнөтү келген

учурдан тартып эки жылга чейин айып санкцияларын эсептебесин.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги:

- Япония Өкмөтүнүн гранттарынын каражатына 2005-жылы сатып алынган

айыл чарба техникаларын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү тездетүү боюн-

ча чараларды көрсүн;

- республикага жеткирилүүчү айыл чарба техникаларынын, аларга за-

пастык бөлүктөрдүн жана башка техникалык каражаттардын абалына туруктуу

мамлекеттик жана техникалык контролду камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте башка

өлкөлөрдө КР-2 долбоорун администрациялоо тажрыйбасын изилдеп чыксын

жана эки айдын аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна

Япония Өкмөтүнүн гранттык жардамын башкарууну жакшыртуу боюнча сунуш

киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:

- Япония Өкмөтүнүн гранттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча

мөөнөтү өткөн карыздарды төлөөдөн качышкан конкреттүү чарбакер субъект-

тер боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мый-

замдарында каралган чараларды көрүү үчүн маалыматты;

- бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди бөлүү,

бөлүштүрүү жөнүндө жылына эки жолу маалымат берсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
