# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылындагы 1-августундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине товардык кредиттерди кайтарып берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылындагы 1-августундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине товардык кредиттерди кайтарып берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 333
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10838/edition/325324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылындагы 1-августундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине товардык кредиттерди кайтарып берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56456

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2005-жылдын 1-августу N 333

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва

районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине

товардык кредиттерди кайтарып берүү мөөнөттөрүн

узартуу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 19-декабрындагы N 877 токтомунун

редакциясына ылайык)

2004-жылы табигый кырсыктардан жапа чеккен Кыргыз Республикасынын

Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк коопера-

тивине жардам көрсөтүү, ошондой эле дан, май алынуучу жана жашылча-же-

миш өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы чет өлкөлүк жана ата мекендик

сортторунун жана гибридеринин үрөнүн өндүрүүнү стимулдоо максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Чүй облусунун Москва

районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативине берилген бюджет-

тик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана Япония Өкмөтүнүн гранттарынын

линиясы боюнча алынган кредиттер боюнча карызды төлөп берүү мөөнөттөрүн

2007-жылдын 1-декабрына чейин жана жеке жак М.М.Салихарга 2005-жылдын

III кварталынан тартып төлөп берүүнү баштоо менен 2006-жылдын 1-декаб-

рына чейин узартсын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N

877 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн карызды төлөө Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-

гинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ка-

раштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду аркылуу жогорку са-

паттагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-

каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген тартипте Чүй облусунун

Москва районунун "Дружба" айыл чарба өндүрүштүк кооперативи жана жеке

жак Салихар М.М. менен узартуу мөөнөтүнө проценттерди жана айыптарды

эсептебестен бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана Япония Өк-

мөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча алынган кредиттер боюнча кредиттик

келишимдерге кошумча макулдашууларды түзсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы N

877 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-

пекциясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин

46-статьясына ылайык Чүй облусунун Москва районунун "Дружба" айыл чарба

өндүрүштүк кооперативине 2005-жылдын 1-майына карата түзүлгөн бюджетке

карызды төлөөнү 2007-жылдын 31-декабрына чейин кийинкиге калтырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу Ф.Кулов
